"Эркин-Тоо"

«Аламүдүн» базарына 4 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

«Орто-Сай», «Аламүдүн» жана «Ош» базарларынын абалы менен таанышуу максатында көзөмөлдүк иш сапары жүргүзүлдү. Жыйынтыгында бир катар көйгөйлөр талкууланып, тиешелүү жактарга тапшырмалар берилди:

  • «Ош» базары санитардык жана өрт коопсуздугунун нормаларына жооп бергидей абалга келтирилет. ӨКМдин өрт өчүрүүчү унаасы базардын аймагына ээн-эркин кире албай жаткандыктан, тиешелүү кызматтарга бул маселени тез арада чечүү тапшырмасы берилди;

 

  • Жаш Гвардия көчөсүнөн Ала-Арча дарыясынын көпүрөсүнө чейин эски бактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат. Эски таштанды челектери алмаштырылып, долбоордук кодго туура келбеген жарнактар ​​алынып, Токтогул/Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар үчүн токтоочу жайлар уюштурулат;

  • Уруксат берилбеген жерлерде соода кылуунун алдын алуу максатында текшерүү иштери күндүзү дагы, түнкүсүн дагы улантылат;

 

  • «Орто-Сай» базарында 252 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат. Жер төлөнүн курулушу боюнча иштер дээрлик аяктады. Бир айдан кийин жакынкы үйлөрдүн жашоочулары үчүн жаңы балдар аянтчасын куруу иштери башталат;

 

  • «Орто-Сай» базарынын ичиндеги жол оңдолуп, асфальт төшөө иштери башталат;

 

  • «Аламүдүн» базарында унааларды токтотуучу жайдын курулушун баштоо тапшырмасы коюлган. Ал 4 кабаттан туруп, 3 кабаты жер алдында жайгашат. Салына турчу унаа токтотуучу жайга жалпысынан 237 унаа батары айтылууда.