"Эркин-Тоо"

«Аламүдүн» базарындагы соодагерлер митингге чыгышты

1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, митингге чыгышты. Алар патент системасын калтырууну жана ККМди жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Анда ишкерлер өкмөттүн Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу Кара-Суу базарларын 2024-жылдын 1-январынан тартып базардын ичинде көзөмөл-кассалык машинелерин (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошоткон чечими туура эмес экенин айтышууда. Алар бардык соодагерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин билдиришти.

Белгилей кетсек, 29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдына акцияга чыгышкан.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!