"Эркин-Тоо"

Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

ИИМдин берген маалыматына ылайык, 2021-жылдын 8-май күнү Аламүдүн РИИБдүн нөөмөт бөлүмүнө Достук айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу барган. Аялдын жансыз денесин кароо учурунда денедеги жаракаттар байкалып, ал киши
колдуу болуп каза болгондугу такталган. Териштирүү учурунда каза болгон аял 42 жаштагы С.Е. экендиги аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектелип, 38 жаштагы Р.И. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Алдын ала териштирүү учурунда, окуя болгон күнү каза болгон аял менен 38 жаштагы Р.И. ичимдик ичип, ортодо чыккан пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, шектүү жаран аялды бычак менен сайып жибергени маалым болгон. Учурда керектүү экспертизалар
дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!