"Эркин-Тоо"

Аламүдүндө “Селсаяк” аталышындагы рейд жүрүүдө

Аламүдүн районунда “Селсаяк” аталышындагы рейддик иш-чара жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд район аймагында туруктуу жашаган жери жок жарандарды жана кароосуз калган жашы жете балдарды аныктоо, алардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жылуулук өткөн жайлар, ээнсиреген турак жайлар, компьютердик оюн клубдар, соода түйүндөр жана башка коомдук жайлар текшерилди.

Рейддин алкагында аныкталган туруктуу жашаган жери жок жарандар тийиштүү атайын мекемелерге, жылуу жатак жерлерге, үйү барлары даректерине жеткирилип, туугандарына өткөрүп берилди.

Ошону менен бирге иш-чаранын алкагында чоңдордун коштоосусуз жүргөн өспүрүмдөр, жоголуп кеткен балдар даректерине жеткирилип, туугандарына өткөрүп берилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!