АЛАР МЕКЕН ҮЧҮН КҮРӨШКӨН

Кусегенов Сатынды Кусегенович кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көл областына караштуу Тоң районунун Оттук кыштагында 1919-жылдын 31-октябрында жарык дүйнөгө келген. Ал үй-бүлөдөгү беш бир туугандын эң улуусу болгон. Армияга 1939-жылы чакырылып, Фин согушуна катышкан. Аскердик милдетин татыктуу аткарып, чалкыган Ысык-Көлүнө, булут тиреген Ала-Тоого кайтып келип, түтүн булатып, бапыраган үй-бүлө курам деген аруу тилектери кандайдыр бир убакыттарга созулуп кеткен. Анткени, армиядан келе элек кезинде, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Июнь айынан баштап чыгыш фронтто танкалык бөлүмдүн командири болгон. Ошол эле жылдын июль, октябрь айларында жарадар болуп, бир нече жолу госпиталга жатып, дарыланып чыккан. Андан соң 1942-жылы февраль айынан тартып №143 танк бригадасында окутуу батальонунда командирлик милдетти аркалаган. 1945-жылга чейин II гвардиялык армиянын №2 танкалык батальонунда кызмат өтөгөн.

Сатынды Кусегенов 1943-жылы согушта жүргөн кезинде Комму нисттик партиянын катарына өт көн. Майдан талаасында эр жүрөк түүлүк менен согушкан жоокерлер ди командирдин көргөзмөсү менен Коммунисттик партиянын катары на алышкан. Ал 1945-жылдын фев раль айынан баштап №419 гвар диянын оор артиллериялык бө лүмүндө кызмат өтөгөн, танк бө лүмүндө капитан болгон. Мекен үчүн жанын аябай согушуп, Бер линге чейин барып, жеңиш менен, төшү орден-медалдарга толуп, ме кенине кайтып келген. Канжары нан кан тамган согуш жылдары нан соң 1946-жылдан 1958-жылдар аралыгында ар кандай партиялык кызматтарды аркалаган. Кусеге нов 1952-жылы жогорку билимге ээ болуп, юстиция органдарында кызмат өтөгөн. Окутуучулук ишмердигин 1958-жылы Кыргыз Мамлекет тик университетинде баштап, 1960-жылы улук окутуучу бол гон. 1964-1965-жылдары Москва мамлекеттик университетинде ас пирантураны бүтүрүп, 1966-жылы илимий диссертациясын жактап, юридикалык илимдердин кандида ты болгон. Ал 1967-жылы 16-сен тябрда юридикалык факультет тин деканы болуп дайындалган. 1970-жылы 16-январ да доцент наамы ыйга рылган. Ошол кездеги илимий чөйрөнүн оозу на алынып, алты или мий ишин жазган. Са тынды Кусегеновдун кадыр-баркы тааныш-билиш, дос тамырларынын арасында өтө жо гору болгон. Кусегенов Сатынды Кусегенович 1975-жылы узакка созулган оору дан улам көз жумган. Улуулардын уюткулуу эмгектери азыркыны көркүнө чыгара турган азык де сек жарашат. Баатырлар дүйнө дөн өтөт. Жалындаган жарык да өчөт. Бирок адал эмгек, адал иши элинде калып өсүп-өнөт.

САТЫНДЫ АГАЙДЫН САБАКТАРЫ

Адам өз колу менен жашоосун да өзүнө эстелик курат. Эгер эл ичинде ал жөнүндө жакшы сөз калса. Кыргыз Улуттук универси тетинин кадр бөлүмүнүн башчысы жана Кусегенов Сатынды агайдын 1968-1969-жылдардагы студенти Мусаева Маргарита Зарлыковна агайы жөнүндө мындайча эскер ди: “Жөнөкөйлүк – бул адамда гы эң бир баалуу сапат. Мен ошол жөнөкөйлүктү Кусегенов Сатын ды агайдан көрдүм. Ал сабак өтүп жатканда баскан-турганы элпек, кичи пейил, ошол эле учурда сүр дүү да болчу. Анын ар бир студент ке, ар бир кесиптешине кылган мамилеси өзгөчө эле. Мага агай да адамдык сапаттын миң түркүнү байыр алып жаткандай туюлчу жа на мен да агайдай сапаттарга ээ бо лууну самаганымды танбайм. Ал бизге: “Сөөктөн жарака кетсе бү төт, көнүлдөн жарака кетсе бүт пөйт”, “Туугандардын урушу, бөз дүн жыртышы”, «Өтөөр-кетээр ит ыркырак боло берет арада», «Кыя натка чейин кыркылышып кетээр» жөнүбүз жок. «Сөөк тамырбыз, бир атадан тараганбыз. Кечиримдүү болушубуз керек», “Эр адамдын ичине ээр токумдуу ат батат” деп көп айтчу.

КУСЕГЕНОВ ТҮЛКҮ

Кусегенов Сатындынын бир тууган иниси Кусегенов Түлкү да кан күйгөн согуш талаасында Ме кенин коргоп, жанын аябай со гушуп келгендигин айта кетели. Ал 1920-жылы 30-октябрда туулган. 1941-1945-жылдары Ата Мекендик согуш учурун да Коммунисттик партиянын катарына өткөн. Румыния, Венгрия, Австрия, Чехосло вакия өлкөлөрүнүн шаарла рын душмандардан бошо тууга катышкан. Кийин тө шү толо орден-медалдарды тагынып, жеңиш менен меке нине эсен-соо кайтып келген. Ал согуштан кийин колхоз совхоздорду калыбына кел тирүүгө чоң салымын кош ту. Колхоздун парторгу бо луп жүрүп, кийин билим бе рүү тармагында эмгектенди. Кусегенов Сагын атасы тууралуу мындайча эскерет: “1960-жылдары Фрунзеден Сатынды атам Саякбай Кара лаев менен эс алганы Ысык Көлгө биздин үйгө келишчү. Алар Саякбай атанын мекени Ак-Өлөң айылын кыдырып, анан Оттук ка келип сый конок болушар эле. Саякбай атабыздын келгенин угуп, көп эл чогулчу. Көлдүн жээгине боз үйлөр тигилип, элге Саякбай атабыз «Манас» айтып берчү. Эртеси таңда Саякбай ата менен Сатынды ата атка минип, бүркүтүн колуна алып, тайгандарды ээрчитип күң гөй Ала-Тоонун чокусуна мерген чилик кылып, эс алганы жөнөш чү. Кечке маал самоор коюшуп, тай казандарды камдап, аларды күтүп турчубуз. Алар аркар, кекиликтерди атып келип, таң атканча той уланчу».

УУЛУ КУСЕГЕНОВ КУБАНДЫН ЭСКЕРҮҮСҮ:

“Менин атам ак пейил, ак көңүл, элин, досторун сүй гөн адам болгон. Атамдын достору өзүлөрүн бакты луу сезишчү, аткени атам үчүн досчулук ыйык эле. Атамдын эң жакын достору Саякбай Каралаев, Садык Найманбаев, Салмоорбек Табышалиев болгон. Атам өз элин, жерин сүй гөн киши эле. Фрунзе шаарында туруп, айылындагы ата-журтун, энесинин жапкан нанын сагынып, Оттуктагы агайын-туугандарына күйүмдүү болчу. Бош убагында атам ошол тарапка бара жатып, Фрунзеден 30 чакырым жердеги “Кеңеш” айылына токтоп, атактуу Кочкорбаевдин үйүнүн дарбаза сынан атамдын биринчи турму шунан уулу Мекен абамдын ко роодо ат минип ойноп жүргөнүн көрүп, анын бактылуу балалыгы на сүйүнүп жүрчү. Кийин Мекен абам 1968-жылы мектепти бү түп, Кыргыз Улуттук унивесите тинин экономика факультетине тапшырып окууга өткөндө, атам ошол кезде юридикалык факуль теттин деканы болуп иштеп тур ган, Мекен абамдын окуусуна көз салып жүрчү экен. Атам балда рын чогултуп, Мекен абабыз ме нен тааныштырайын деген ою бар эле. Бирок, оорусуна байланыш туу максатына жетпей калган. Кийин атамдын иниси Түлкү ата “Кыргызстан комсомолу” гезити не чыккан Мекен абамдын сүрө түн алып, Мекен абамдын иште ген жерине таап барып, чындык ты айтып берген экен. Атамдын оюн, максатын орунда тыш үчүн 2019-жылдын 9-майын да Мекен абамды, жубайы Дами ра жеңемди, уулу Чыңгызды, кы зы Назикти Оттук айылына чакы рып, тааныштык. Ошол бактылуу жолугушууну уюштурган агаларым Сагынга, Кубанга Мекен абам чын жүрөктөн ыраазычылыгын билди рип, рахмат айткан.

№40-41 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 29-апрели

Мекен Исак,
Темирлан Сейитбек уулу

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!