"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Алдамчылык менен 3 млн сом алууга шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, жарандардын 3 млн сомун алдамчылык менен алууга шектелген Н.Х.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү ИИМдин өндүрүшүндө турган кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча маселени чечүүгө жардам берүүнү убада кылып, 3 000 000 сом өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган. Убадасын аткарбай калганда, жабырлануучуларды кайра коркутуп, «Пара берүү боюнча иш козготом», – деп коркуткан.

УКМК мындай көрүнүштөргө ишенбөөгө чакырып, кызматкерлердин атынан мыйзамсыз акча чогулткандардан этият болуу керек экендигин белгиледи. Ошондой эле алдамчылык аракеттерден жапа чеккен башка жарандар болсо, төмөндөгү көрсөтүлгөн телефон номерлерге кайрылууну билдирди: 0312-66-04-75, 0312-62-65-04.