"Эркин-Тоо"

Алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Аламүдүн районундагы эс алуу борборлорунун биринде ири суммадагы акча каражатына банкет, иш-чараларды өткөрүп, конокторду тосуп, бирок акчасын төлөбөй из жашырган деген шек менен чет элдик аял кармалды. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Милицияга аталган эс алуу борборунун администратору арыз менен В.Т. аттуу аялга чара көрүүнү өтүнүп кайрылган.

Арызда: “ В.Т. 2021-жылдын июль айынан бери иштегендердин башын айландырып, ишенимине кирген. Өзүн инвестормун деп тааныштырып, үй-бүлөсү менен мейманканада VIP номерлерде жашаган. Бул убакыттын ичинде 8 986 457 сомго банкет, иш-чараларды өткөрүп, конокторду тосуп, аягында качып кеткен», — деп жазылган.

Арыздын негизинде аталган иште кылмыштын элементтери болгондуктан, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталган. Ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, жогорку иштерге шектүү катары 38 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Милициядан тергөө учурунда башка жагдайлар да чыккандыгын айтышты.

«В.Т. кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин айтып, алардын колдоосуна таянып, жогорку кызматтагы адамдардан акча талап кылып турган», — деп билдиришти ОИИББнин маалымат кызматынан.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп, тергөө уланып жатканын кабарлашты. Милициядан эгерде В.Т. аттуу аялдан жабыр тарткандар болсо, Аламүдүн райондук ИИБге же 0312 36-35-27, 0312 36-35-23 телефон номерлерине чалууну өтүнүштү.