"Эркин-Тоо"

Алдамчылыкка шектелип мурдагы аткаминер кармалды

ИИМ Х.Х. аттуу жаран аялды ири суммадагы акчага алдап кеткенин жана бир нече ушул сыяктуу кылмышка шектелип Молдовада кармалганын билдирди. Бул инициалдарга президенттин мурдагы кеңешчиси Хайдарали Халиков (Айдар) туура келип жатканы айтылып, ИИМ колго түшкөн киши Хайдарали Халиков экенин тастыктады.

Буга чейин президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Халиковду Өзбекстандан аткезчилик жол менен шифер ташып келген жана анын бизнесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн колдоо көрсөтүүнү талап кылган деп айыптаган. Анын мындай жоругу президентке жетип, ал Халиковду эле эмес, коомдук башталыштагы кеңешчи, жардамчылардын баарын иштен айдаганы кабарланган.

Пример HTML-страницы