Бишкекте көп функционалдуу “Алга” спорт комплекси оңдоп-түзөөдөн кийин шаардыктарга эшигин ачты. Ачылыш аземге Президент Садыр Жапаров катышты.
Иш-чаранын алдында Мамлекет башчы жаңы спорт комплекси менен таанышып, дене тарбия-ден соолук чыңдоочу комплексин, машыгуу аянтчаларын, көп функциялуу спорт аянттарын, воркаут-зонаны жана кичи футбол талаасын көрүп чыкты. 1954-жылы курулган “Алга” спорт комплекси мурда “Эмгек резерви” деп аталып, союз учурунда борбор калаадагы негизги спорт объектилеринин бири болгон. Көп жылдар бою ал жаш жана профессионал спортчулар үчүн негизги машыгуу жана мелдеш базасы болуп кызмат кылган. СССР тарагандан кийин комплекс кароосуз калган. Көп жылдар бою капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес, материалдык-техникалык базасы эскирип, стадион спорттук инфраструктуралык талаптарга жооп бербегендиктен, 2024-жылдын апрель айында мамлекеттик органдардын колдоосу менен комплексте капиталдык реконструкциялоо иштери башталган. Комплексти реконструкциялоонун жүрүшүндө жер астындагы суунун деңгээли жогору болгондугуна байланыштуу кыйынчылыктар болгон. Дренаж системасы орнотулуп, жер астындагы суулар тартылып, аянт тегизделген. Кара топурак төгүлүп, көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлүптүр. Жасалган иштердин натыйжасында борборубуздун түндүк бөлүгүндө жайгашкан 7,4 гектар аянтты ээлеген спорт комплекси жигердүү жаштарды кабыл алууга жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө бүгүнкү күндө толук даяр. Спорт комплексте алты тилкелүү чуркоо жолу, жарыктандыруу деңгээли 1800 люкс болгон төрт жарык берүүчү мачталар, үч миң орундуу трибуналар, табигый жана жасалма чөп менен капталган машыгуу аянтчасы бар. Комплексте ошондой эле 142 орундуу мейманкана, эки кийим алмаштыруучу бөлмө, калыстар бөлмөсү, эки конференц-зал, медициналык борбор, комментарий берүүчү кабиналар жана медиа зоналар бар. Кошумчалай кетсек, комплекстке футзал жана күрөш залдары, 153 унаа токтотуучу жай жана кичи футбол аянтча, насостук станция, суу сактагыч жана откана да курулган. Чоң Чүй каналынын жээги көрктөндүрүлүп, веложол, жөө кишилер үчүн жол салынып, асфальт төшөлгөн. Комплекстин аймагына резина жабуусу бар чуркоо жолдору салынып, буюрса, спортчуларыбызга жана калаа тургундарына да тиешелүү шарттар түзүлгөн. Видеокамералар орнотулуп, коопсуздук маселеси да өзгөчө көңүл борборуна коюлуптур. Жаңыланган стадион ФИФАнын 4-категориясынын стандарттарына жооп берет. Ачылыш аземинен кийин “Алга” (Бишкек) жана “Барс” (Каракол) футболдук клубдарынын ортосунда Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 12-турунун беттеши өттү. Жолугушуу 2:1 эсебинде “Барс” командасынын пайдасына аяктады.
Садыр ЖАПАРОВ, КРнын Президенти:
«КАЛК САЛАМАТТЫГЫ ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК»
— Бүгүн ачылып жаткан спорттук жай, заманбап, көп тармактуу “Алга” спорт комплекси – алдыга койгон максаттарыбыздын четинен иш жүзүнө ашып жаткандыгынын ачык далили. Бул саамалык – калк саламаттыгы жана жаштардын өсүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Борборубузда спорт инфратүзүмүн өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткандыгы – мына ошондой иш-аракеттерибиздин бир бөлүгү. Бул жерде ар кыл спорт түрлөрү боюнча машыгууга, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө, балдарды жана жаштарды тарбиялоого бардык тиешелүү заманбап шарттар түзүлгөн. Бир кездерде тиешелүү шарттар болсо, эл аралык деңгээлде жетишкендиктерге жетер элек деп кыялдансак, эми минтип ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүктөр пайда боло баштады. Дүйнө агымынан артта калбай, таланттуу жаштарыбызды ар тараптан сүрөөгө алуу маанилүү. Андыктан жаңы спорт комплекс кыргыз спортунун өнүгүшүнө жана шаар тургундарынын ден соолугуна кам көрүүсүнө чоң салым кошот деп үмүт артып турам. “Алга” спорт комплекси – ден соолугу чың, сергек коомдун пайдубалы болоруна, аткарылган иштер элибизге кут, мамлекетибизге сыймык алып келерине ишенем!
Айбек ЖУНУШАЛИЕВ, Бишкек шаарынын мэри:
«СТАДИОНДУ КУРУУ МЕНЕН ГАНА ЧЕКТЕЛИП КАЛБАДЫК»
— СССР тарагандан кийин кароосуз калган комплекске былтыр капиталдык реконструкциялоо иштери башталган. Ошол учурдан тартып мэрия тез арада долбоор иштеп чыгып, анын алкагында апрель айында демонтаждоо иштерин баштадык. Жаздын алгачкы күндөрүнүн келиши менен курулуш иштери башталып, май айында бүтүргөнбүз. Биз көп функционалдуу стадионду жана спорттук комплексти куруу менен чектелип калган жокпуз. БЧК дарыясынын жээгин жашылдандыруу иштерин да жүргүздүк. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен дарыя жээктерин тазалоо жана жашылдандыруу иштери да башталган.
Жазнура Токтоболотова