Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт башчы кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин парламентке сунуштап, аны 89 депутаттын баары бир добуштан колдошту. Эскерте кетсек, Алихан Смаилов 5-январдан тартып өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан. Ага чейинки өкмөт башчы Аскар Мамин Казакстандагы соңку тополоңдого байланыштуу кызматтан алынган.