Кызыл-Суу айыл аймагы чыгышынан Оргочор, батышынан Дархан айыл аймактары менен чектешет. Борбору — Кызыл-Суу айылы. Аймактын жалпы аянты 27 909 га түзөт. Саруу, Жалгыз-Өрүк, Санаторий, Жууку, Кайнар, Кирпичный жана Пристань айылдарында бардыгы болуп 26924 адам жашайт.
Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу аймагына 2023-жылы таза суу киргизүү иштери башталган. Аймактын башчысы Алишер Нурбек уулу бул багытта чоң аракеттерди көрүүдө. Анын айтымында, таза суу долбоорунун жалпы наркы 1 млрд сомго жетиши мүмкүн. Бул да болсо айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган ири кадамдардын бири.
Аймак башчысы болуп жаңыдан шайланган Алишер Нурбек уулу өз ишмердүүлүгүн айыл чарба, туризм жана ишкердикти өнүктүрүүгө багыттап жатат. Ал мал чарбачылыгы менен өсүмдүк өстүрүүдө да заманбап ыкмаларды колдонууну, тамчылатып сугаруу системаларын кеңири жайылтууну максат кылууда.
Мындан тышкары, жеке ишкерлерди ар тараптан колдоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл ичиндеги социалдык, коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу пландалууда. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү да айыл аймактын алдыдагы негизги максаттарынын бири. Бул багытта аймак башчысы Алишер Нурбек уулу гезит окурмандарына алдыдагы иш-аракеттери тууралуу бөлүштү.
Калкка көрүлгөн камкордук
— Аймактын инфраструктурасын жакшыртуу жана жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү аркылуу өндүрүш жана кайра иштетүү тармактарын, логистика жана текстиль өндүрүшүн өнүктүрүү багытында иш жүрүүдө. Айрыкча, тамчылатып сугаруу технологиясы аркылуу дыйканчылыкты өнүктүрүү калктын кирешесин жогорулатууга оң таасирин тийгизүүдө.
Акыркы убакта миграция процессинин деңгээли төмөндөп, айыл жеринде иштеп жаткан жарандардын саны да өсүүдө. Мисалы, Кирпичный айылында эки кирпич заводу жана 300 орундуу «Азиар» кийим тигүү фабрикасы ачылып, жергиликтүү эл үчүн жумуш орундары түзүлдү.
Жети-Өгүз райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын демилгеси менен атайын адистер тарабынан дыйкандар үчүн үзгүлтүксүз окуу курстары уюштурулуп, кулпунай жана малина өстүрүү, мөмө-жемиш бактарын дарылоо боюнча тажрыйбалар көрсөтүлүүдө. Жыйынтыгында быйыл кулпунай жана малина өстүрүүгө өткөн дыйкандардын саны 45 пайызга өстү. Ал эми терим маалында жеринде иштеген адамдар күнүнө 1000 сомдон өйдө киреше табууда.
Таза суу, таштанды маселеси
— Кызыл-Суу айыл аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу акыркы жылдары приоритеттүү маселелердин бири болуп келе жатат. Бул ийгиликтер Дүйнөлүк банктын каржылоосу аркылуу башталган таза суу долбоорунун алкагында жетишилүүдө. 1950–1960-жылдары курулган Кызыл-Суу айылынын суу түтүк системасы эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз болуп калган. Мунун негизинде 2023-жылдан тарта жаңы суу түтүк линиялары тартылып, ар бир кожолукка суу эсептегичтери орнотулууда. Ошондой эле резервуарлар жана сууну алуу үчүн скважиналар курулууда. Долбоор аяктаганда саркынды сууларды тазалоочу жай да курулуп, таза суу системасы толук жаңыланат. Мунун натыйжасында айыл эли ичүүчү таза сууга толук жетет. Жалпысынан алганда жакынкы жылдары айыл аймактын калкынын 100 пайызын таза суу менен камсыз кылуу пландалып, 3644 кожолукка ичүүчү суу жеткирилет. 2029-жылга чейин система толук жаңыртылып, долбоордун жалпы баасы 1 млрд сомду түзүүдө.
Ошол эле учурда тиричилик калдыктарын чыгаруу дагы актуалдуу маселелердин бири болуп, калктын 90 пайызын камтууга аракет кылуудабыз. Азыркы учурда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу, Оргочор жана Светлая-Поляна айылдарынын таштандылары уруксаттуу полигонго чыгарылууда. Бирок заманбап талаптарга жооп берген жаңы таштанды полигонун ачуу зарылчылыгы келип чыкты.
Бул максатта таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү боюнча иштер пландалып, «Кызыл-Суу Тазалык» муниципалдык ишканасы аркылуу кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Учурда таштандыларды чогултуу жана алардын түрү боюнча бөлүү иши бир топ кыйынчылыктар менен коштолууда. Муну менен катар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таштанды кызматы үчүн төлөмдү жеңилдетүү чаралары көрүлүп, жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнүп, өтө жакыр үй-бүлөлөр бул төлөмдөрдөн бошотулган.
Ички жолдор жана көчө жарыгы
— Аймактагы ички жолдордун жалпы узундугу 74 чакырымды түзүп, буга чейин алардын 40 пайызы асфальтталган. Аймактын жол тармагын жакшыртуу максатында бир катар иштер аткарылып жатканы менен, айрым көйгөйлөр бул багыттагы өнүгүүгө тоскоол болууда. Атап айтканда, ички жолдорду асфальттоого жетиштүү каржылоо жок, айыл ичиндеги көпчүлүк көчөлөрдө жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынган эмес, жол белгилери жетишсиз, таштак жолдордо шагылдын жоктугу жүрүүгө кыйындык жаратууда. Алдыда белгиленген көйгөйлөрдү чечип, бул жыл ичи асфальтталган жолдордун үлүшүн 55 пайызга жеткирүүнү белгилеп жатабыз. Айыл ичиндеги жолдорду оңдоо иштери 2026-жылдан баштап Кызыл-Суу айылынын ички жолдоруна асфальт төшөө этап-этабы менен жүргүзүлөт.
Ошондой эле коомдук жайларды жана көчөлөрдү жарыктандыруу маселеси дагы курч бойдон калууда. Учурда бул кызмат менен аймактын көчөлөрүнүн 20 пайызы гана камсыз болгон. Мунун негизги себеби, каржынын тартыштыгы жана жергиликтүү калк тарабынан демилгелердин жетишсиздиги болууда. Ошентсе да, жакынкы жылдары көчө жарыгын 50 пайызга чейин жеткирүү пландалууда. Бүгүнкү күндө Кызыл-Суу айылындагы Тоо-Этеги жана МСО жаңы конуштары үчүн көчө жарыктандыруусун уюштуруу иштери башталууда. Узундугу 13,5 чакырым болгон көчөлөргө мамылар орнотулуп, электр зымдары тартылат.
Спорт, маданият, бала бакча
— Аймакта спорт, маданият, турак жай тармагын өнүктүрүү социалдык маанилүү багыттардын бири. Алдыда жаштардын жана өспүрүмдөрдүн спорт менен активдүү алектенүүсүн колдоо максатында жаңы спорт залдарды куруу, жабдуулар менен камсыздоо жана аялдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында иштер жүрүүдө.
Маданият тармагы боюнча айта кетсек, Кызыл-Суу айыл аймагында көп жылдар бою колдонулбай калган эски кинотеатр кайра ишке киргизилип, ал жерде кино көрсөтүүлөрдөн тышкары ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарттар түзүлгөн. Ошентсе да, маданият тармагынын өнүгүшүнө ар кандай ийримдердин жетишсиздиги, маданият үйүнүн жана аймактагы 3 маданият үйүнүн материалдык-техникалык базасынын начар абалы, санитардык шарттардын, дааратканалардын талапка жооп бербестиги, музыкалык жана техникалык аспаптардын жетишсиздиги бар десек болот.
Мектепке чейинки билим берүүнүн деңгээли акыркы жылдары кыйла өссө да, бул тармакта чечиле элек көйгөйлөр бар. 2025-жылга карата балдардын 80 пайызы гана бала бакча менен камтылып, калган бөлүгү кезекте турууда. Бул айыл ичиндеги бала бакчалардын жетишсиздигинен жана калктын өсүшүнөн улам жаралган маселе. Алдыда балдардын бакчага баруусун 85 пайызга жеткирүүнү пландап, кошумча бала бакчаларды куруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу мекемелерди ачуу жана бар болгон жайларды кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Айыл чарба, асыл тукум мал жана заманбап тейлөө
— Кызыл-Суу айыл аймагында айыл чарба негизги экономикалык тармак бойдон калууда. Аймактагы айыл чарба өндүрүшүнүн 69%ы өсүмдүк өстүрүүгө туура келет. Мисалы, өрүк, карагат, малина, кулпунай өндүрүүдө сатуу рыногунун жоктугу негизги тоскоолдуктардан. Бул маселени чечүү үчүн тоңдуруучу кампаларды куруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.
Мал чарбачылыгы аймак экономикасынын негизги багыттарынын бири. Бул тармакта натыйжалуулукту арттыруу үчүн асыл тукум малды көбөйтүү жана малды дарылоодо заманбап ыкмаларды киргизүү пландалган. Айыл өкмөтү жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин региондук бөлүмдөрү менен биргеликте малчыларга консультация жана практикалык сабактар уюштурулуп, алардын билими жана көндүмдөрү жогорулоодо.
Мындан тышкары, 390 000 сомго «Ангус» породасындагы бука жана 200 000 сомго «Арашан» породасындагы 8 кочкор сатып алынды. Ошондой эле, 2026-жылга чейин асыл тукум малдын санын 20%га көбөйтүү максатында жасалма уруктандыруу пункту ачылып, ага керектүү жабдуулар жана үрөн материалдары ишкерлердин тике инвестицияларынын эсебинен камсыздалат. Бул багытка жалпысынан 1 млн сом каралган.
Малга медициналык жардамды жеткиликтүү кылуу үчүн айыл аймагында көчмө ветеринардык кызмат көрсөтүлөт. Бул максатта 8 даана көчмө роскол орнотуу каралып, жалпы 1,6 млн сом бөлүнөт.
Туризм жана маданий мурастарды таанытуу
— Кызыл-Суу–Санаторий жолу толугу менен бүткөрүлүп, Кызыл-Суу–Кайнар жолунун 80%ы асфальтталган. Боз үйлөр шаарчасы түзүлүп, туристтер үчүн шарттар жакшыртылды. Мамлекеттик деңгээлде лыжа базасын куруу жана жергиликтүү туристтик объекттерди паспорттоштуруу иштери жүрүп жатат.
Аймактын уникалдуу жаратылыш байлыктары болгон “Кызыл үңкүр”, жылуу булактарды, Жети-Өгүздүн “жети кереметин” өзгөчө туристтик пункт катары жайылтуу каралууда. Каракол–Балыкчы автожолунун боюнда үч тилде көрсөтмө багыттар орнотулат. Мындан сырткары, Кызыл-Сууда туристтик дестинацияны түзүү, маданий жана табигый мурас объектилерин талдап, аларды паспорттоштуруу иштери жүрөт. Туристтерге жогорку деңгээлде тейлөө көрсөтүү максатында, меймандос кыргыз элинин каада-салтын таанытуу жана туристтик объект ээлерине талаптарды күчөтүү боюнча да атайын токтом кабыл алынат.
2025-2026-жылдары жөө туризм, тоо, экологиялык жана экстремалдык туризм багыттары боюнча атайын маршруттар иштелип чыгып, картага киргизилет. Бул өз алдынча саякаттоочу туристтердин санын көбөйтүүгө өбөлгө болот.
Социалдык коргоо чаралары
— Калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү боюнча ишкердикке тартууда айрым жаш үй-бүлөлөр социалдык контракт аркылуу кой багып, кийин “Арашан” породасындагы койлорго алмаштырып, мал чарбасын кеңейтишүүдө. Кол өнөрчүлүк менен алектенгендер республикалык жана облустук жарманкелерге катышып, ийгиликтерге жетишүүдө. Айыл өкмөтү тараптан жол кире, отун-көмүр жана материалдык жардамдар берилип, ветеринардык тейлөө үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Жаштарды зарыл кесиптерге үйрөтүү үчүн кесиптик лицейлер менен кызматташтык жүргүзүлүп, практикалык сабактар айыл ичиндеги мекемелерде уюштурулууда. Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык мекемеге бирден аялуу үй-бүлө бекитилип, дайыма колдоо көрсөтүлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда 5% квота менен аярлуу топтордун өкүлдөрү ишке алынууда (өз макулдугу менен). Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында да туруктуу киреше табууга аракет кылган үй-бүлөлөр аз эмес. Өзгөчө жаз, жай жана күз мезгилинде дыйкан-фермерлер менен чогуу иштеп, каражат табууга шарттар түзүлүүдө.
Турак жай жана жер маселелери
— Кызыл-Суу айылы райондун борбору болгондуктан, ички миграция күчтүү. Учурда мамлекеттик ипотека аркылуу турак жайга муктаж жарандарды үй менен камсыз кылуу маселеси каралып, турак жай курууга жеткиликтүү жер тилкеси болгону 2,8 гектарды түзөт. Акыркы үч жыл ичинде Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө жер трансформациясы болбосо да, Саруу айыл өкмөтү менен кошулгандан кийин маанилүү кадамдар жасалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен бажы бекети үчүн 10 га, чек ара посту үчүн 2 га жер трансформацияланып, документтер толук өткөрүлүп берилди. Айыл ичиндеги 2,8 га жер тилкеси калктын өсүшү жана жарандардын кайрылуулары эске алынып, мамлекеттик ипотека программасы аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү курууга сунушталууда.
Сугат суу жана ирригация
— Сугат суу жоготууларын азайтуу үчүн дамба жана каналдар жыл сайын оңдолуп турат. Сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында, айыл ичиндеги 18 чакырым канал механикалык тазалоодон өткөрүлүп, сугат суу менен камсыз болуу 80 пайызга жетүүсү күтүлүүдө. Бул сугат маселесин чечүүгө олуттуу салым кошот.
Тамчылатып сугаруу системасына өтүү жана суу сактагыч куруу боюнча республикалык бюджетке жана донордук долбоорлорго сунуштар жөнөтүлгөн. Чоң-Кызыл-Суу дарыясына дамбалар курулуп, “Бадан групп” ЖЧКсы тарабынан өзөндү тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Тазаланган материалдар кайра иштетилип, курулуш тармагында пайдаланылууда.
Аймактын айыл чарбасын өнүктүрүүдө ирригация системасын жакшыртуу негизги ролду ойнойт. Учурда Санаторий айылында ички чарбалык сугат тармагын куруу боюнча жалпы узундугу 200 м түзгөн чакан каналдарга лотоктор орнотулат. Натыйжада айылдын сугат суу менен камсыз болушу 60%га жогорулайт. Бул иштерге 650 миң сом каралган.
Жалгыз-Өрүк айылында каналдарды жаңылоо боюнча 560 м узундуктагы каналдарга заманбап лотоктор орнотулуп, суу жоготуусуз жеткирилет. Натыйжада айыл толугу менен сугат суу менен камсыз болот. Бул долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3,5 млн сомго каржыланууда.
Чоң-Кызыл-Суу жана Кичи-Кызыл-Суу сууларынан түшкөн аймактардагы арыктарга жалпы сегиз даана суу тосмо орнотулат. Ар бир арык үчүн төрттөн тосмо коюлуп, жалпысы 160 миң сомдук иштер жүргүзүлөт. Жалпысынан ирригация системасына болгон бюджеттик инвестициялардын көлөмү 4 миллион 150 миң сомду түзөт.
Жайыттарды жакшыртуу
— 2023-жылдан тарта деградацияга дуушар болгон жайыттарда үрөн себүү иштери башталып, акырындап жерлер калыбына келтирилүүдө. Бул максатта жыл сайын 2 га жерге атайын чөп үрөндөр себилүүдө. Бул деградацияны азайтып, мал үчүн сапаттуу жайыттардын сакталышына өбөлгө болот.
Бүгүнкү күндө жайыт комитеттери менен муниципалдык ишканаларды бириктирүү процесси жүрүп жатат. Бул иш толук аяктагандан кийин жергиликтүү бюджеттин жардамы менен көчө жарыктандырууну альтернативдик энергия булагы аркылуу камсыздоо пландалууда.
Экологияны коргоо
— Кызыл китепке кирген флора өкүлдөрүн сактоо максатында “Лидер” коомдук бирикмеси тарабынан Кара-Булуң участкасында 15 га жер тилкеси кичи корук катары уюштурулду.
Көл жээктеги 100 м чейинки курулуштарды тазалоо иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз курулуштар алынууда. Ошондой эле, көл жээгиндеги эс алуу жайларынан чыккан саркынды суулардын түз көлгө агып киришине бөгөт коюлуп, таза суу системасы ишке ашкандан кийин саркынды суу системасын куруу пландалууда.
Аймактагы таштанды маселесин чечүү максатында стандарттарга жооп берген жаңы таштанды полигонун ачуу иштери да башталууда. Учурдагы полигондун жайгашкан жери көл жээгине жана жолго жакын болгондуктан, ал талапка жооп бербейт деген сын пикирлерден улам жаңы полигон үчүн ылайыктуу жер каралууда.
Жергиликтүү бюджеттин көбөйүшү – кирешелердин жаңы булактары
— 2023-жылы жергиликтүү бюджетке салык түрлөрүнөн 130 миң сомдон ашуун киреше түшсө, 2027-жылы бул көрсөткүч 197 миң сомдон ашат деп турабыз. Мурда эсепке алынбай келген жер тилкелери мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, жеке ишкерлерге ижарага берилүүдө. Айыл чарба багытындагы жерлердин ижара акысы да жердин сапатына жараша кайра каралып, 2024-жылдын 29-майындагы токтомдун негизинде 1 га жерге 15 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бул өз кезегинде бюджетке кошумча киреше алып келет. Ал эми 2025-жылдан баштап, мурдагы мораторий алынгандан кийин жер салыгы кайра жанданат. Бул да жергиликтүү бюджеттин туруктуулугуна жана айыл аймактын өнүгүүсүнө түрткү болот.
Кенже Осмоналиева

