"Эркин-Тоо"
Таза мекен Эркин Тоо гезити

Алишер Ташматов: “БИЗДИ ТЯНЬ-ШАНЬ ТООЛОРУ САКТАП ТУРАТ”

Ушул күндөрдө Европанын шаарларында ысык аба ырайы сакталып, температура 32 градустан ашты. Еuronews маалымдагандай, мындай аба ырайы күздүн орто ченине чейин созулушу мүмкүн. Жалпы Европада аба ырайынын ысышы жайында гана эмес, жаз жана күздө да байкалууда. «Климаттык туруктуулук бардыгы үчүн» уюмунун акыркы изилдөөсүндө абанын температурасы 32°C – босогодон ашса, ысык аптап ден соолукка жана айлана-чөйрөгө олуттуу коркунуч жаратары да белгиленди. Андыктан, климаттын өзгөрүүсү жана аны калыбында кармоо темасы үлкөн мамлекеттерде, дегеле дүйнө жүзүнүн чоң-чоң саммиттеринде негизги темага айланып барат. Кыргызстан да келишимдерге ылайык глобалдык өзгөрүүлөргө туруштук берүүгө аракетин жасап келет. Ал ортодо биз социалдык тармактарда аба ырайынын өзгөрүүсү тууралуу так божомолдорду жасап жүргөн адис Алишер Ташматовго кайрылып, өлкөдөгү аба ырайынын, климаттын өзгөрүүсү тууралуу бир нече суроо узаттык. Алишер Ташматов коомчулукка өзүнүн аба ырайы тууралуу өтө кылдат жана так түзүлгөн божомолдору менен белгилүү.

— Алишер, дүйнө жүзү боюнча аба ырайы кескин өзгөрүп жатат. Аптаптуу ысык аба ырайы тез эле жаан-чачынга алмашып, сел жүрүп, аны менен катар биздин өлкөдө да геомагниттик бороондор тез-тез катталып, адамдардын ден-соолугуна таасирин тийгизүүдө. Мунун себеби эмне деп ойлойсуз?

— Ооба, геомагниттик бороондор биздин планетабызга акыркы убакта көбүрөөк таасир эте баштады. Жаратылышта Күн белгилүү бир активдүүлүк циклдарынан өтөт жана азыркы учурда ал “өсүш” деп аталган фазада жана өзүнүн активдүүлүгүнүн туу чокусуна жакындап баратат. Кээ бир илимпоздор Күндүн активдүүлүгүнүн туу чокусу өтүп кетти деп эсептешет. Бирок, көптөгөн факторлорду эске алганда, мен бул пикирге толук кошула албайм. Менин оюмча, геомагниттик бузулуулардын тобокелдиктери дагы эле жогору. Геомагниттик бузулуулар бул – Күндөн тутануулар жана короналдык массалар чыгып жатат дегендик. Бул тутануулар метеорологиялык жактан сезгич адамдардын кан басымынын көтөрүлүшүнө, баш ооруга, муундардын оорушуна, уйкучулукка, агрессияга жана башка көптөгөн нерселерге алып келген геомагниттик бороондордун пайда болушунун негизги себептери болуп саналат. Андыктан, биз божомолдорго көңүл буруп, эскертүү берилген күнү ден-соолугубузга карашыбыз зарыл. Мындай бороондор Кыргызстанда эле күчөдү деп айта албайм. Дүйнө азыр ушундай абалда. Геомагниттик бороон-чапкындарга туруштук берүүнү жеңилдетүү үчүн эртең мененки көнүгүүлөрдү жасап, денеге бир аз күнүмдүк жүк берүүнү сунуштайт элем. Ошондо булчуңдар дайыма жакшы абалда болот жана адам геомагниттик бузулууларды оңой көтөрө алат. Ошондой эле кан тамырларды бекемдөө керек. Кан тамырларды бекемдөө үчүн какао ичип, курамында 75% кем эмес какао буурчактары бар кара шоколад жеп туруу зарыл. Сууну көбүрөөк ичиңиз. Спирт жана энергетикалык суусундуктарды таштаңыз. Ал эми жогорку категориядагы геомагниттик бороон-чапкындардын күчөгөн күндөрүндө адамдар эмоционалдык ашыкча жүктөн, агрессиядан жана конфликттик кырдаалдардан өзүн карманууну үйрөнүшү керек. Кээде жөн эле унчукпай же четтеп кеткен жакшы. Айтмакчы, бул короналдык тешиктер адамдарга гана таасирин тийгизбестен, планетада жер титирөөлөрдү жаратат. Окумуштуулар буга ишенишпейт, алардын өз түшүнүгү бар, бирок убакыт өтөт жана мен Күндө болуп жаткан окуялар биздин планетанын сейсмикалык активдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизерин илим тааныйт деп толук ишенем. Азыр Жерде аба ырайы олуттуу өзгөрүүдө. Мисалы, Африка континентинде жыл бою тынымсыз жамгыр, бороон, шамал ж.б. Кыргызстанда болсо орточо жылдык температура 1,3°С градуска чейин жогорулаган. Бул дүйнөлүк өсүү ыргакта дээрлик эки эсе көп. Жаан-чачын тууралуу айта турган болсок, Жалал-Абад жана Нарын облустары рекорддук көрсөткүчкө ээ болууда.

— Калктуу аймактарга чагылгандын түшүүсү активдешти. Бул кубулуш тууралуу эмне айта аласыз? Жакында эле Бишкек шаарында эки үйгө чагылган түштү. Мурдараак ат майданында жаш бала курман болду эле.

— Кыргызстанда көп жылдар бою эч ким чагылгандын так статистикасын жүргүзгөн эмес. Ошондуктан чагылгандын тез-тезден же азыраак болуп, кандайдыр бир таасирин тийгизип, кыйроого алып келгендигин так айтуу кыйын. Бирок, тобокелдикти жогорулатуу тенденциясы бар экендигин билем. Бул биринчи кезекте жергиликтүү климаттык жана географиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу. Ооба, адистер айткандай «жылуулук аралы» жана инфраструктуранын кеңейүүсүнөн улам чоң шаарларда чагылгандын түшүүсү байкалып калганы чындык. Глобалдык жылуулануу Борбор Азияда жана өзгөчө Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө алып келүүдө. Бул сөзсүз түрдө мөңгүлөрдүн эрүү процессинин тездешине таасирин тийгизет. Ал нымдуулуктун буулануусуна алып келет. Мындай кубулуш өз кезегинде атмосферадагы нымдуулуктун көлөмүн көбөйтүп, тез-тез жана күчтүү чагылгандын болушуна шарт түзөт. Кыргызстанда атмосферанын жылуу болушу “кумулонимбус” деп аталган кумулонимб булуттарынын пайда болушуна алып келет жана алар көбүнчө чагылганды пайда кылат. Тилекке каршы, чагылганга байланыштуу тобокелдиктерди эске албай жатабыз. Мурда түшүмдүү талаалар болгон жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү, турак үйлөрдү жана башка курулуштарды курушчу эмес. Совет мезгилинде илимпоздор күн күркүрөгөн булуттардын эң көп өтүүчү коридорлорун жана циклондордун негизги эпицентрлерин эске алуу менен айдоо аянттарын аныкташкан. Турак-жай сектору талаадан алыс жайгашар эле. Азыр Бишкекте жана Чүй облусунда чагылганды өзүнө тартып турган көп кабаттуу үйлөр, антенналар, мунаралар көбөйүүдө. Чагылган дайыма жерге эң аз каршылык көрсөткөн жолду «издейт».

— Айрыкча шаар бозомук тартып, мурда болбогон кумдуу бороондор башталды. Сиз божомолдоруңузда «кумдуу бороон башталды» деп жазарыңыз менен, Бишкек шаарынын аймагы боз тартып калууда…

— Африкада жаман аба ырайы күчөп, Сахара чөлүнөн миңдеген жана он миңдеген тонна кум көтөрүлүп жатат. Ушундай эле нерсе Такламакан чөлүндө болот, ал жерде аба ырайынын начардыгынан көп учурда көп тонна кум абага көтөрүлүп турат. Бизди чындыгында кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоолору сактап турат. Алар болбосо, бизде күндө кум бороону болмок. Мындай кубулуштан арылуу үчүн чөлдө он миңдеген бак-дарактарды отургузуу боюнча глобалдык долбоорду ишке ашырууну баштоо керек. Ошондой эле шамалдын ылдамдашы жана кум көтөрүлүшүнө жол бербөөчү, бирок аны кармап турган атайын мониторлорду түзүү керек. Чөптүн жетишсиздигинен да чаң көтөрүлөт. Муну да эске алсак жакшы болмок. Бирок, Кыргызстанга келсек, биздин өлкө башка мамлекеттерге салыштырмалуу географиялык жактан эң жакшы жерде жайгашкан. Биринчиден, Кыргызстан тоолуу өлкө, мисалы, Такламакан чөлүндө пайда болгон чаңдуу бороондор бизге чоң массалар менен кире албайт. Чаңдын 95%ы Кыргызстандын тоо кыркаларын басып өтө албайт. Демек, бул жагынан Кыргызстан толугу менен туризм үчүн идеалдуу. Кыргызстандын абасы – денени каныктыруучу таза уникалдуу кычкылтек ароматерапияларынын бири десек болот. Экинчиден, Кыргызстанда ичүүчү суу жандуу, эң бай табигый витаминдүү комплекске ээ. Геомагниттик бороон-чапкындар учурунда булак суусу денени айыктыруу жана ар бир адамдын абалын жакшыртуу үчүн жөн эле алмаштырылгыс каражат болуп саналат. Ошондуктан, көптөгөн туристтер Кыргызстанга таза аба менен дем алып, жандуу суу ичип, жаратылыштын кооздугунан ырахат алуу үчүн келишет. Ысык-Көл тууралуу өзүнчө сөз кылса болот. Ысык-Көл жөнөкөй тил менен айтканда минералдык жана шыпаалуу сууга толгон чөйчөктөй. Айтмакчы, көлдүн түбүндө ылай да бар, ал көптөгөн ооруларга абдан пайдалуу. Ошентип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы кызматкери катары Кыргызстан ден-соолукту чыңдоо үчүн ыңгайлуу жер деп айта алам.

«Дүйнө эли» уюмунун ыктыярчылары өлкө калкы жана коноктору үчүн “ушу-таолу” системасын колдонуу менен бекер гимнастика жана дем алуу көнүгүүлөрүн өткөрүшөт. Каалоочулар кошулса болот.

— Божомолдоруңуз өтө так. Аларды кандай жол менен жасайсыз?

— Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеп жүргөндө билим алып, көп өнөрдү үйрөнгөм. Азыр өзгөчө кырдаалдар системасында ыктыярчымын. Андыктан, калкка маалымат берип турууну адатка айланткам. Аба ырайын түшүнүү, чечим кабыл алуу үчүн өтө көп иштейм. Шамалдын ылдамдыгын, атмосфералык басымдын өзгөрүшүн жана башка көптөгөн нерселерди эске алам. Бул тажрыйба. Баарын бир убакта түшүндүрүп бере албайсың. Божомолдорду элдин кызыкчылыгы үчүн жасайм. Адамдар жаанда же кар бороонунда калбашы үчүн же геомагниттик бороон-чапкындарга оңой туруштук берүүсүнө жардам бергим келет.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА