Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголдук продукцияга салынуучу акциз салыгы көбөйгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы токтому менен 2026–2029-жылдар аралыгында алкоголь продукциясына акциз салыгын баскыч-баскыч менен жогорулатуу чечими кабыл алынган.
Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып ичимдиктин ар бир литрине 200 сом акциз салыгы салынат.

