Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагасы, белгилүү коомдук-саясий ишмер Алмамбет Матубраимов Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагалыгына барды. Мындай чечимди ассамблеянын мүчөлөрү кабыл алышкан. Ассамблеяны буга чейин жетектеп келген академик Абдыганы Эркебаев өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Алмамбет аксакалды туурга кондуруу жыйынына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов катышты. Алмамбет Матубраимов бийик тажрыйбасы менен ишти көркүнө чыгара аткарса керек деген ишенимдебиз.

