“Эркин-Тоо” гезити эгемендиктин карлыгачы катары мамлекетибиз көз карандысыздыгын дүйнөгө жар салардын алдында жарыкка чыккан. Мына ошондон бери эгемен мамлекетибиз менен тагдырлаш болуп, басма сөз каражаты катары жаңы тарыхыбыздын летописи жазылууда. Ушул 30 жылдык кыска тарыхыбызда айтылган же айтылбаган, архивде калган же калбаган ар кандай жагдайлар болушу мүмкүн. Биз мына ушундай актай калган барактарыбызга толуктоо болор деген ниетте эгемен мамлекетибиздин каармандарын кепке тартсак деп турабыз. Белгилүү мамлекеттик ишмер Алмамбет Матубраимов эгемен мамлекетибиздин башатында өтө жооптуу кызматтарды аркалап жүргөн инсан. Аны иштесе ишинин көркүн чыгарган, бирок кызматка жармашпаган, өз принциби бар өмүрү өрнөк адам катары билебиз. Учурунда чоң кызматтарды аркаласа да артынан жаман сөз ээрчибеген саналуу адамдардын бири. Ал эгемен мамлекетибиздин башатында туруп мамлекетибиз үчүн тагдыр чеччү чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышып, анын чок ортосунда жүргөн кыргыз саясатында өзүнүн салмактуу орду бар белгилүү мамлекеттик ишмер.
— Алмамбет Матубраимович, эгемен мамлекетибиздин алгачкы жылдарында чоң саясатта экинин бири болгон адамдардын бирисиз. Ошол кезде биз өз киндигибизди өзүбүз кесип дегендей тагдыр чеччү чечимдер кабыл алынды, ага түздөн-түз катыштыңыз. Айтыңызчы, ошол кабыл алынган чечимдердин ичинен сиз үчүн эң кыйыны же эң маанилүүсү кайсы болду?
— Эң кыйыны жана маанилүүсү улуттук валютабызды киргизгенибиз болду. Сом киргенден кийин шериктеш мамлекеттер менен мамилеалакаларды түзүү оңой болгон жок. Биздин Тышкы иштер министрлиги жаңыдан калыптанып жакшы иштей элек эле. Кадрдык дипломаттар жок болуп, дипломатиябыз аксап турган. Кантип алсыз болуп турган Кыргызстан шериктеш мамлекеттердин арасынан биринчи болуп улуттук валютасын киргизип алат деген мамиле жасалды. Биз эртеби-кечпи баары бир улуттук валюта кирерин билгенбиз. Союз таркап, баягы байланыштар үзүлүп, бири-бирине жардам жок болгондон кийин ар ким өз экономикасын жолго салышы керек эле. Эң оор маселе ушул болгон. Экинчиден, дагы бир орчунду жагдай СССР тарагандан кийин бардык мурдагы партиянын 1-секретарлары ордунда калып, башкаруу системасы мурункудай эле калган. Бир гана бизде демократия деп окумуштуу адам бийликке келди. Республикабызда партиялык системанын атка минерлери менен жаңы демократтар ортосунда көп маселелерде талаш-тартыш болгон. Улуттук валюта жаңы киргенде 4 сом 1долларга тең болуп кирген. Бул көрсөткүч төрт эседен ашпаш керек болчу. Ашып кетсе инфилятивдик башкаруудан чыгып кетет деген Дүйнөлүк банктын талабы бар эле. Эгемен жаш мамлекеттин кредиттикбюджеттик каржылоо системасын түзүү кыйын болду. Пенсия 5-6 сом болгон. Оор шартка карабай 12 сомго көтөрүп колдогонбуз. Ал кезде бир күндө 30га чейин токтом-чечимдер кабыл алынып турган. Себеби, эски мыйзамдар туура келбей, жаңы мыйзамдар жок болуп укуктук жактан кыйынчылык жаралган.
— Капилет эле биз улуттук валютабызды биринчи киргизип алдык. Буга кошуналар тараптан кандай реакция болду?
— Кантип кичинекей мамлекет өздөрүнүн валютасын киргизет деп кошуна мамлекеттер темир жолду, автожолдорду жаап өткөрбөй, самолёттор учпай калган. Москва дагы рубль зонасынан чыгып кеттиңер деп берип аткан кредиттерди, авиакаттамдарды токтотконго чейин барган. Биз шериктеш өлкөлөргө доллар менен төлөмдөрдү жүргүзөлү десек швейцар франкы менен төлөгүлө деген учур да болгон. Улуттук валютабызды киргизерден мурун биз күндөлүк керектелчү азык-түлүктүн 6 айлык корун камдап алганбыз. Анткени сомду киргизгенден кийин жарым жылга эл керектөөчү товарлардын тартыштыгы болот деген эсебибиз бар болчу. Бирок күндөлүк керектелчү товарлар бир топ мезгилге чейин тартыштыкта болду. Улуттук валютаны киргизүүдө Дүйнөлүк банк менен купуя сыр болгон. Аталган банк союздук мамлекеттердин таркашынан пайдаланып, рублге кысым катары бир мамлекетти өзүнө тартып, улуттук валютаны киргизүү боюнча каражат бөлгөн. Башкача айтканда Дүйнөлүк банктын максаты эксперимент катары биздин республиканын аймагынан рублди сүрүп чыгаруу болгон.
— Тыштан таасир болгон экен да?
— Таасир болот. Ошентсе да бул нерсе ошол кезде Кыргызстандагы жакшы өнөктүктүн башталышы болгон. Биз өзүбүздүн улуттук валютабызды киргизип, шериктеш мамлекеттерге жол салып бердик.
— Ошентсе да ал учурда бул чоң тобокелчилик эле да? Тунгуч Президент Аскар Акаевдин бул чечимге барышы жеңил болбосо керек?
— Негизи окумуштуу адамдар алдыга жылган, коомду, прогрессти алдыга сүйрөгөн сапатка ээ болушат. Локомотив десек болот. АКШ СССРди кулатышы керек болуп, кулатты. Анын ичинен дагы ыдыратып улуттук валютаны киргизип, бирдиктүү рубль аймагын жок кылууга да киришкен. Бизге ошол жагы да түрткү берип кетти. Бул жагынан кыйналсак да абалдан чыгып кеттик.
— Алгачкы кыргыздын улуттук валютасын кайдан басып чыгардыңыздар? Эсиңизде болсо канча каражат кетти ага?
— Биринчи улуттук валютабызды Англиядан басып чыгардык. Каражаты бизге берген гранттын эсебинен болду. Бирок ошол кезде эле мүмкүнчүлүктөрүбүздү түзүп, туруктуу түрдө валютабызды өзүбүз чыгаралы деген маселени көтөргөм. Негизи чоңбу же кичинеби көп мамлекеттер баалуу кагаздарын, улуттук валютасын өздөрү эле басып чыгарышат. Биз азыркыга чейин мамлекеттик баалуу документтерди чыгара албай отурабыз. Жыл сайын тендерге берген акчанын ордуна кредитке алсак деле деле бүтмөк. Бул багытта бизге гранттык-кредиттик акчаларды сунуш кылган учурлар болгон. Бирок эмнегедир чечилбей калган.
— Рублдерди пайдалануудан чыгарып, эмне кылдыңыздар?
— Москвага жөнөткөнбүз. Анчамынчасы башка жакка кетип калды деген аңыз сөздөр да болуп жүрөт.
— Ошол 90-жылдары борборубуздан жарандарга жер тилкелери бөлүнүп берилген. Мындай чечим бийликке коомдун, жаштардын кысымынан улам кабыл алынганбы?
— Бишкек шаарынан жер, батир алуу титулдук эл үчүн өтө кыйын болгонун улуу муун билет. Шаарга катталууга туруунун өзү өтө кыйын болгон. Катталгандан кийин 5 жыл болгондо гана үйгө кезекке турганга укук берилчү. Биз СССРде эмес, дүйнөдө биринчи болуп Бишкекте 3 жыл жашагандарга жер берүү чечимин кабыл алганбыз. Кыргыз жаштарына үй салуу үчүн жер берүү дүйнө жүзүндө болбогон прецедент болгон. Борбор шаарыбызда ошол кезде жаңылбасам кыргыздар 16-17%ды эле түзчү. Борбордо титулдук кыргыз элин көбөйтүү боюнча 1990-жылы чечим кабыл алынган. Ага ылайык улуттук валюта кирген 1993-жылга чейин үй куруучуларга жеңилдетилген кредит бергенбиз. Бирок бул саясий демаршка айланып, ар кандай коомдор түзүлүп, тигил же бул жер тилкесин бересиңер деген талап күчөп, миңдеген гектар жер берилсе да жетишсиз болду. Ошол кезде борбор шаарда улутуна карабай үйгө кезекке тургандар 30 миңдей болгон. Бул маселе азыркыга чейин чечиле элек десе болот.
— Сиз Аскар Акаев менен иштешип калдыңыз, анын ишине кандай баа берет элеңиз, жетекчи, лидер катары кандай эле?
— Аскар Акаев Кыргызстан деген жаш мамлекетти дүйнө жүзүнө таанытып кетти. Сомду киргизип, рынок жолуна салды. Биздин жаш республиканы демократияга кадам койгон мамлекет катары тандашып, эксперименталдык түрдө улуттук валютаны киргизүү бизге туш келип, Кыргызстан улуттук валютаны кабыл алууну баштап берди. Дүйнөлүк соода уюмуна биринчи болуп кирдик. Өткөндүн баарын эле жаман дей берген болбойт. Курманбек Бакиевдин учурунда биринчи жолу бюджетте профицит болду, 600 сомдук минималдык пенсияны 2 миң сомго чейин көтөрдү. Мугалимдердин айлык акысын 4 миңден 8 миңге, дарыгерлердикин 6 миңден 10 миңге чейин көтөрдү. Атамбаев көчмөндөр оюнун дүйнөгө дүңгүрөтүп таанытты. Алтай цивилизациясы деп бул жерге бүт боордош түрк тилинде сүйлөгөн элдерге кыргызды ата кылды. Буряты менен якуту да түбүбүз кыргыз дегенге алып келди. Албетте, кемчиликтер сөзсүз болот. Эл өз баасын берди, калганын тарых тастыктайт. Кемчиликтерди эске алуу менен алдыга жылуу керек.
— “Кумтөр” боюнча биринчи келишимди түзүүгө сиз түздөн-түз катышкансыз. Алгачкы жолу келишимде биздин үлүшүбүз 75,4% менен түзүлгөн экен. Ушул боюнча айтып берсеңиз, кандайча болду?
— 1994-жылы биринчи вицепремьер-министр катары “Кумтөр” боюнча комиссиянын төрагасы болгом. Негизи бул иш 1993-жылы башталган. Бизде өтө чоң талаш-тартыштар болгон. Мен сөзсүз түрдө контролдук пакет бизде болушу керек деген позицияда болдум. Чынын айтканда 67%дан кем эмес үлүшүбүз болуш керек болчу. Ошондо 3төн 2си биздики болуп, көзөмөл бизде болмок. Сүйлөшүүлөр башталганда эле 85%дан баштап, түшүп отуруп 75,4%га макул болгонбуз. Мындагы эң чоң маселе — биз биргелешкен ишкана түзгөнбүз. Муну катышкандар тастыктайт. “Камеко” менен “Кумтөркыргызалтын” ишканасын түзүп, Давлетов дегенди башкы директор койгонбуз. Куруу кезинде да, эксплуатация кезинде да сөзсүз түрдө жетекчиси кыргыздын жараны болгон. Ошол кезде мени Эл аралык валюта фондуна каражат алып келүү үчүн жиберди. Адатта валюталык каржылоо 1-апрелден башталат, мени 11-майда маселени чечип келүү үчүн жөнөтүштү. Ал жактан бир ай дегенде келдим. Уктабаган түндөр өттү. Анткени Париж клубунда кредит маселеси каралмак. “Кумтөрдү” башташ керек болчу. Жылдык үстөк пайызы 0,25 жана 10 жылдык жеңилдик шарты менен 40 жылга 1 млрд доллар өлчөмүндө кредиттик жана гранттык чечим болуп, абалдан чыкканбыз. Акаевге кирип кайра-кайра талашып-тартышып отуруп ынандырып, ошол келишимге кол коюлган. Келишимде үлүш маселеси эле эмес, башка маселелер — мөңгүлөргө мүмкүн болушунча аз зыян келтирүү, ишканада 85% кыргыздар иштөөсү, тамак-аш жана башка керектелчү товарларды ушул жерден сатып алуу шарттары бүт бар болчу. Биринчи алтын өндүрүлгөндөн баштап мөңгүлөргө зыян келтирбөө үчүн жер алдында казуу шарты коюлган. Азыр андагы келишим архивде жок экен. Мен таппай койдум. Андан кийин кенди каржылоо башталганга чейин мен ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп, андан соң Төрага болуп калдым. Кийинки келишимдерде үлүшүбүз 66,6% болуп калганы күлкү келерлик нерсе болду. 3төн 2си же 66,7% болгондо контролдук пакет бизде калып, көзөмөл бизде болмок. Алар 0,1 пайызга биздикин кемитип, Кыргызстандын көзөмөлүнөн чыгып кеткен. Бул атайын көз боёмочулук, алдоо десем болот. Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамда 3төн 2си деп көрсөтүлгөн. Биздики 66,6% болуп 0,1% жетпей калган. Бул 95-жылдар эле. Менин принцибим боюнча башка бийликтин бутагы болгондон кийин аткаруу бийлигине кийлигишүү туура эмес болуп калмак.
— Жогорку Кеңеште Төрага болуп туруп капыстан эле кызматтан кетип калдыңыз. Ага эмне себеп болду?
— Шайлоо башталганда “шайтан оюндар” башталат. Конституцияга ылайык Президент Аскар Акаев эки мөөнөткө гана шайлана алмак. 2000-жылы башка киши шайланышы керек эле. Ошондуктан лидерлик сапаты бар инсандарды нейтралдаштырчу. Бул өнөкөт СССР кезинен бери эле башка мамлекеттерде деле азыркыга чейин колдонулуп келет. Ошондо ротация дегенди ойлоп таап мени алмаштыруу айласын табышты. Иш жүрбөй эле саясий жүрүштөр менен алек болгонсуп калды. Ошондуктан өзүм силерде конституциялык чечим болгон жок, мен Кыргызстан алдыга кетүүсү үчүн көпчүлүккө баш ийем, көпчүлүк менен чечтиңер деп айтып, спикерликти тапшырып, депутаттык мандатымды сактап калгам. 4 жолу добушка коюлуп, акыркысында 70 депутаттын 37си колдоп добуш берди. Конституция боюнча азыр да 3төн 2си менен Төрага кызматтан кетет. Конституциялык сот бирөөнүн каш-кабагына карап чечим кабыл албай мыйзамды так сакташы керек болчу. Мыйзам кабыл алынгандан кийин ал туурабы же туура эмеспи кынтыксыз аткарылышы керек. Тилекке каршы, Конституциялык сот чечимди мыйзамдаштырды. Бирок оор мезгилде карама-каршылык, тирешүү жаратуунун кереги жок болчу. Эң негизгиси бир кишинин келечеги же бир кишинин бактысы үчүн эмес мамлекет үчүн иштөөбүз керек. Тилекке каршы, кыргыздардын бирин-бири көрө албастыгы, регионалдык, уруучулук сыяктуу жаман адаттары жеңип кетип жатат.
— Бүгүн Кемпир-Абад маселеси курч турат. Сиз ошол тараптык катары бул боюнча оюңуз кандай?
— Кемпир-Абад боюнча айтсам, ошол жерди бир көрбөй туруп кыйкыргандар болуп жатат. Тарыхый бир мүмкүнчүлүк түзүлүп, келишимге келип жатабыз. Азыр бизге өтүп жаткан жерлердин көпчүлүгү де-юре биздики, де-факто Өзбекстандыкы болуп, зым тосуп алышкан. Талаш болуп тургандан кийин аны чечиш керек. Чынын айтканда ошол жердеги чек аралар боюнча буга чейинки жетекчилер күнөөлүү. Чек ара айылдарыбыз бири ак, бири кара шахматтык тактадай аралаш жайгашкан. Илгери колхоз-совхоздун жетекчилери деле кошуналарга бул жер керек десе берип коё берген. 1997-жылы чек араларды тактай баштадык. Көп жерлер талаш жаратты. Алматы декларациясы боюнча калыш керек эле, тилекке каршы колдонбой жатабыз. Тажиктер 1924-жылкы документ дейт. А 1924-жылы тажик деген болгон эмес, Өзбекстандын курамындагы автономиялуу облус болгон. Калктын саны өсүп жатат. Жер тартыш. Жер жаралбайт, адам жаралып жатабыз. Суу сактагыч үчүн 4485 гектар жер мен билген маалымат боюнча 1996-жылы Кыргызстанга Өзбекстандын аймагынан бөлүнүп берилген. Кадамжай, Ноокен, Сузак, Кара-Суу райондору алган.
— Анда биз суу сактагычка берилген жер үчүн кошуналар менен эсептешкен болобузбу?
— Ооба, эсептешкенбиз. Бир гана нерсе суу агып кирип жатканда агындылар суу сактагычка толуп калат. Айылдыксыз, билесиз бир жолу суугарсаңыз агындылар кирет. А суу сактагычка 70 жылдан бери агындылар агып жатат. Суу киргенде көлөмү көтөрүлүп плотинаны тээп жатат. Ошондуктан горизонтту 908ден 900гө түшүрдүк деп жатышат. Демек, суунун деңгээли 8 метрге ылдый түшөт. Эми суу канчалык кирсе дагы 900дөн көтөрүлбөйт. Союз таркагандан бери эле плотинага бизди өткөрбөй, ээлеп алышкан. Эми плотинаны биргелешип башкаралы деп жатышат, ал үчүн атайын ишкана түзүлөт экен. Мамлекеттик көз караш менен карашыбыз керек. Кемпир-Абад эмне экенин билбей эле кыйкырып жатышат. Өзгөндүкмүн, Президент Өзгөнгө барганда мен да бардым. Президент каалоочулардын баарын залга киргизип түшүндүрүп отурду. Кээ бирлер кирбей коюшту. Мен да чыгып киргиле деп чакырдым, болушкан жок. Бул маселе ызы-чуу менен эмес, дипломатия менен гана чечилиши керек.
— Анда азыркы келишим туура чечим экен да?
— Азыркы келишимдин шарты жакшы. Андан тышкары бизге 19 миң га жер карайт экен деп жатышат. Мурда суу басып турчу жерден 1270 гектар бошойт экен. Өзгөндөн Сузакка ашып бараткан жерде дөң бар. Ошол жерден да 1200 га жер берет экен. Мен жашыруун документтерди көргөн жокмун, ошон үчүн толук айта албаймын. Бирок келишимдеги жанагы бизге бере турган 19 миң гектар жерлерде зым тартылып, көп жерлер де-юре биздики, де-факто алардыкы. Мына Кербенде аэропорт иштебей турат. Ала-Букада да биз өтө албай турган жерлер бар. Мен ал жерлерди билбейм, бирок Ала-Бука, Кара-Сууда жерлер биздики болот деп эл сүйүнүп жатат. Эгер чындап эле ушундай болсо анда биз мындай компромиске барышыбыз керек. Канчалык чек араны тезирээк чечсек, ошончолук тезирээк стабилдүүлүк болот. Тирешип тура бергенден пайда жок. Биз чечпей кийинки муунга өтүп кетсе эч нерсесин түшүнбөгөндөр келип, дагы чыр күчөшү мүмкүн.
— Демек, жанагы айрымдар өзүбүздүн жерлер дегендердин баары талаштуу жерлер болчу да. Эми ошол жерлер бир тараптуу бизге өтүп жатат да, туурабы?
— Ооба. Талаш жерлерди чечип, чек араны тактап алганыбыз жакшы, ансыз коопсуздугубузду, стабилдүүлүктү камсыз кыла албайбыз. Өлкөбүздүн өнүгүүсү дагы созула берет.
№99 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-ноябры
Бегим ТУРДАЛИЕВА