Азыркы учурда акча алмаштыруу бюролорунун иши өзүнчө бир тармакка айланган. Бүгүнкү күндө алмаштыруу бюролору аларга белгиленген мыйзам чегинде республиканын бардык аймактарында, шаарларында иш алып барышууда. Алардын ишмердиги Улуттук банк тарабынан кандайча көзөмөлгө алынып жаткандыгы тууралуу Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын алмашуу бюролоруна көзөмөл тобунун жетекчиси Р. Н. Мурзалиевге суроолор менен кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй жоопторду алдык.
— Равшанбек Насирович, лицензиясы бар алмашуу бюролоруна көзөмөл кантип жүргүзүлөт?
— Көзөмөл тышкы көзөмөл жана инспектордук текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Тышкы көзөмөл алмашуу бюросуна барбастан аралыктан жүргүзүлүүчү көзөмөл болуп эсептелет. Бул «Алмашуу бюролорунан маалыматтарды чогултуу» автоматташтырылган системасы аркылуу нак чет өлкө валютасынын сатылып алынган/сатылган курстары жана көлөмдөрү боюнча күнүмдүк отчеттуулукту текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
— Инспектордук текшерүүлөр кандайча жүргүзүлөт?
— Алмашуу бюросун инспектордук текшерүү алмашуу бюросу жайгашкан жерге барып, анын ишин текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. Улуттук банк тарабынан алмашуу бюролоруна Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарынын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча талаптардын сакталышына, ошондой эле лицензиясыз иш жүргүзүү фактыларынын аныкталышына карата инспектордук текшерүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.
— Мыйзамды бузган акча алмаштыруу бюролоруна кандай таасир этүү чаралары көрүлөт?
— 2024-жылдын башынан тартып (31-июлуна карата) 14 алмашуу бюросуна инспектордук текшерүү жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясысыз чет өлкө валюталарын алмаштырууну жүзөгө ашырган жактарга 80 текшерүү жүргүзүлгөн. Алардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын бузууга жол бергендиги үчүн 7 жазма буйрук, 2 эскертүү жөнөтүлгөн, 3 алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулган. Алмашуу бюролоруна 3 жолу 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 165,0 миң сомду түзөт) өлчөмүндө жана 80 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы сумма 1 400,0 миң сомду түзөт) жана 2 юридикалык жакка 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 110,0 миң сом) айыптар салынды.
Тышкы көзөмөлдүн алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын бузууга жол бергендиги үчүн 150 жазма буйрук, 17 эскертүү жөнөтүлгөн, 17 алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулган, 5 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. 5 алмашуу бюросунун ар бирине 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 275,0 миң сомду түзөт) айыптар салынды.
— Чет өлкө валютасын алмаштырууда кандай коопсуздук талаптарын сактоо зарыл?
— Накталай чет өлкө валютасын алмаштырууда өтө сак болуу керек жана төмөнкүлөргө көңүл буруу зарыл:
- Кардарлар алмашуу бюролоруна барганда лицензиянын болушуна көңүл буруусу керек. Лицензия жарандарга көрүнүктүү жерге илиниши абзел. Лицензиясы жок болгон учурда, бул жердин алмашуу курсу эң жогору болсо дагы акча алмаштыруудан сак болуу керек. Ошондой эле алмашуу операцияларын жүргүзүүдө бул алмашуу бюросу жайгашкан жайда кызматкерлер тууралуу маалымат илингендигин текшерүү зарыл, бул Улуттук банктын талабы.
- Валюталарды алмаштырууда накталай акча каражаттарын саноо кардардын көз алдында жүргүзүлүшүнө байкоо жүргүзүү зарыл. Берилүүчү накталай валютанын аныктыгын билүү үчүн алмашуу бюросунун кызматкерлеринен анын аныктыгын детектордо текшерип берүүсүн талап кылуу керек. Акчаны алган соң кассадан кетпестен, аны бирден барактап бир нече жолу эсептеп алуу шарт. Туура эмес эсептелгендиги аныкталган учурда берилген сумманы толугу менен кассирге кайрадан санап чыгууга берүү зарыл.
- Алмашуу операциясы жүргүзүлгөндүгү жөнүндө чек талап кылуу зарыл, бул кардардын мыйзамдуу укугу болуп эсептелет.
— Телеграмм-каналдары аркылуу алмашуу операцияларын жүргүзүү эмнеси менен кооптуу?
— Бүгүнкү күндө жеке адамдар накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча кулактандырууларды жарыялаган телеграмм-каналдары бар. Бул адамдар аркылуу накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операциясын жүргүзгөн жарандар алданып калышы толук ыктымал, ортодо пайда болгон кандайдыр бир талаш-тартыш маселеден аны далилдөө мүмкүн эмес.
Мындан тышкары, телеграмм-каналдарынын катышуучуларында кылмыштын элементтери болушу мүмкүн, ушуга байланыштуу жеке адамдардын жабдылбаган пункттарда алмашуу операцияларын жүргүзүүсү тобокелдиктерди жаратышы, анын ичинде жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келиши, ошондой эле тоноо же алдап кетүү сыяктуу терс көрүнүштөргө алып келиши мүмкүн.
Алдап кетүү, жасалма банкнотторду берип коюу фактылары көбөйүп кеткендигин да белгилеп кетүү керек, ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды алмашуу операцияларын Улуттук банктан лицензия алган адистештирилген уюмдарда гана жүргүзүүгө чакырат.
— Лицензиясыз валюта алмаштыруу үчүн кандай жаза каралган?
— Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 299-беренеси лицензиясы (күбөлүгү) жок банк операцияларын, анын ичинде чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик каралган. Берененин талаптарын бузуу жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч (17 500 сом), юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч (55 000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
— Лицензиясыз ишмердүүлүк менен алектенген адамдарды лицензия алууга кызыктыруу боюнча кандай иштер аткарылды жана Улуттук банктан лицензия алууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча кандай чаралар көрүлдү?
— Лицензиянын мөөнөтү 1 жылдан 5 жылга чейин узартылган, лицензия алуу үчүн берилүүчү документтердин саны кыскарды, ал эми курорттук жана алыскы аймактар үчүн лицензия алууда жүгүртүү капиталы боюнча көлөм азайтылган.
Мындан тышкары, Улуттук банк алмашуу бюролорунун ишин жеңилдетүү, жөнөкөйлөтүү жана тартипке келтирүү максатында алмашуу бюролорунун отчеттук талаптарын кайра карап чыккан. Бул максаттарда алмашуу бюролору үчүн айкын убакыт ыргагында түздөн-түз Улуттук банкка отчет берүүгө мүмкүндүк берүүчү интернет-портал түзүлдү, бул алмашуу бюролорунун ишинин жеңилдөөсүнө жана валюта рыногундагы операцияларга жана анын катышуучуларына натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берди.
— Чет өлкө валютасын алмаштырууда талаш маселелер жаралган учурда кайда кайрылуу керек?
— Эгерде сиз лицензиясыз иш алып барган жактар тарабынан алдануунун курмандыгы болсоңуз, укук коргоо органдарына жана Улуттук банкка арыз жазуу менен кайрылууңуз зарыл.
Эгерде сизде валюта алмаштыруу фактысын тастыктаган документтер бар болсо, катка документтердин/материалдардын көчүрмөсүн (фото жана видео материалдар) тиркөө керек. Сиздин кайрылууңузду натыйжалуу кароо үчүн сиз окуянын бардык чоо-жайын, сөзсүз түрдө алмаштыруу жайынын сүрөтүн/дарегин, окуя болгон убактысын жана датасын көрсөтүү менен толук баяндап беришиңиз керек.
Маектешкен
Абдимухтар Абилов