Казакстандын Алматы калаасындагы жер титирөөдө 8 адам жабыркады. Бул тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо департаментине таянып, Казакстандын басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, турак үйлөрдүн 2-3-кабаттарынан секирген үч адам жабыркаган. Медициналык кароодон өткөндөн кийин эки тургун амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Үчүнчү бейтаптын абалы оор, учурда ооруканада экени айтылды..
Ошондой эле, үйлөрүнөн качып чыккан беш адам жабыркаган. Бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар да амбулатордук дарылоого жиберилет деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, ӨКМге караштуу «СТАК» ЖЧКсынын сейсмикалык станциялар тармагы Алматы убактысы боюнча 23-январда саат 00:09да жер титирөөнү каттаган. Жер титирөө Алматыда 5 балл деңгээлинде сезилген.