"Эркин-Тоо"

Алматыдан Бишкекке аба каттамдарды көбөйтүү пландалууда

Алматыдан Бишкекке туруктуу аба каттамдарды көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын 11-сентябрынан тарта казакстандык «QAZAQ AIR» авиакомпаниясы Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз аба каттамын ачып, Алматыдан Бишкекке каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда.

Учуулар жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.

Эскерте кетсек, «Air Astana» авиакомпаниясы аталган багыт боюнча күн сайын үзгүлтүксүз каттамдарды аткарат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!