"Эркин-Тоо"

Алмаз Имангазиев Германиянын миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

2023-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Германия Федералдык Өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү доктор Йоахим Штамп жана ишке орноштуруу, коопсуздук жана санариптештирүү боюнча федералдык министрликтердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрушундө Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. КР жарандарынын Германияда билим алуу жана ишке орноштуруу маселелери көтөрүлдү.

А.Имангазиев кыргызстандыктардын Германияда жүрүүсүн жеңилдетүү маселесинин, анын ичинде виза маселесинин, ошондой эле визасыз жүрүү жана реадмиссия боюнча келишимдерди түзүүнүн мындан аркы талкуулоосу белгиленди.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!