
— Алпаслан Жейлан мырза, 6-февралдагы Түркиядагы, Кахраманмараштагы болгон жер титирөө дээрлик мындан 100 жыл мурда 1939-жылы Эрзинжандагы аябай чоң кыйроо алып келген жер титирөөдөн кийинки чоң кесепет алып келген кырсык болду. Жер титирөөнүн кесепеттери тууралуу айтып берсеңиз?
— Кайгыбыз өтө эле оор. Кайгыны бөлүшкөндө азаят эмеспи, боордош туугандарыбыз кайгыбызды тең бөлүшкөн сайын жеңилдеп баратабыз. Анадолуда: “Адамдын шыпаасы-адам” деген сөз бар. Ушул жылдын 6-февралындагы Кахраманмараштагы апаат мындан дээрлик 100 жылдай мурда Түркиянын Эрзинжан провинциясында болгон жер силкинүүдөй алаамат бир кырсык болду. Бул апаатта дээрлик 10го жакын облусубуз катуу жабыркады. Ал аймактарда 15 миллион калк жашайт. Ошол 15 миллион элдин баары жер титирөөдөн азап тартты. Түрк улутунун ар бир өкүлү бул кырсыктан кыйгап өтө албады. Кимдир бирөө бир тууганын, кимдир бирөө баласын, ата-энесин, жубайын, досун жоготту. Бул кырсыкта биздин да көптөгөн тааныштарыбыз, досторубуз, жан шериктерибиз каза болушту. Мен бардыгынын жаткан жери жайлуу болсун деп, үй-бүлөлөрүнө жана жалпы түрк элиме көңүл айтам. Чындыгында абдан азаптуу күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Бирок, 85 миллион калкыбыз бириккенде, жеңүүгө мүмкүн болбогон эч бир кыйынчылык жок деп бекем ишенебиз. Жер титирөөнүн алгачкы мүнөттөрүнөн тартып дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган ак санатай, боорукер адамдар Түркияга жардам берүү үчүн аракет кыла башташты. Бул көчкө дүйнөнүн ар кыл улуттары, элдери кошулду. Айрымдары куткаруу топторун түзүштү. Кээ бирлери материалдык жана моралдык жардам беришти. Албетте, бул кырсыкта мусулман бир туугандарыбыз өзгөчө колдоо беришти. Кыйын күндөрдө түрк элинин жанында болушту. Анан дагы биздин дили, тили бир, боордош, жан бирге тууганыбыз болгон түрк элдери тикесинин тик турушту. Материалдык да, моралдык да колдоо көрсөтүшүп, жардамын аяшкан жок. Мына ошол элдер арасында кыргыз боордошторубуз да бул кырсыктын алгачкы учурунан тартып эле жан дили менен кол сунушту. Биз аларга түбөлүк ыраазыбыз. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркиянын президентине телефон чалып, көңүл айтты. Ошондой эле биринчилерден болуп жардамын сунуштады. Кыргыз куткаруучу топторун аэропорттон тосуп алган түрк эли “туугандарыбыз келди” деп кубанышты. Имарат урандыларынын алдында калган адамдарды куткарууда да кыргыз туугандарыбыз өз жанын тобокелге салып, эрдикке тете иш жасап, жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калышты. Кийинчерээк боз үйлөрүн жиберип, боз үй шаарчасын курушту. Жер титирөөдө үй-жайынан ажырап ачык асмандын алдында калган адамдар үчүн бул өтө чоң жардам. Кыйын күндөрдө бирге болгон кыргыз боордошторубузга ыраазыбыз. Бул касирет күндөр элдин ынтымагын, бир туугандыгын, достугун чыңдайт деп ишенебиз. Кайгыбызды тең бөлүшкөн кыргыз боордошторубузга терең ыраазычылык билдиребиз. Күчүбүзгө күч, демибизге дем кошкон сиздер сыяктуу боордошторубуз бар экенине сыймыктанабыз.
— Сиздердин университетте зилзала болгон жерлерден келип окуган студенттер барбы? Бар болсо аларга кандай колдоо көрсөтүп жатасыздар?
— Жер титиреген аймактардан келип окуган 26 студентибиз бар. Алардын баарына материалдык жактан да, моралдык жактан да колдоо көрсөтүп жатабыз. Түркиядагы үй-бүлөлөрү менен байланышка чыгып, кабар алдык. Өкүнүчтүүсү, биздин ар бир студенттин жакыны жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү каза тапты. Студенттерибизди ал жакка жиберген жокпуз, анткени азыр жер титирөө болгон аймакка баруунун кажети деле жок. Студенттерибиз үй-бүлөлөрүнүн тирүү экенин, адамдар үйлөрүнө кире албай чатырларда, унааларда түнөп жатканын билишти. Үй-бүлөсү жер титирөөдө жабыр тарткан студенттерге акчалай колдоо көрсөттүк. Аларга мындан кийин да окуу маалында стипендия берүүнү чечтик. Биз күн сайын тамак-аш, суусундукту бекер берип жатабыз. Жатакана менен толук камсыз кылабыз. Биздин максатыбыз алардын окуусун үзгүлтүккө учуратпоо. Бул жаатта өзгөчө Түркия Республикасынын элчилиги чоң аракет кылууда. Мындан тышкары, студенттерибиз кыргыз боордошторубуздун жардамын Түркияга жөнөтүш үчүн Түркия элчилигине көмөк көрсөтүп жатышат. Мындан тышкары Түркияда да көмөк көрсөтүп жаткан студенттерибиз бар. Алар да кол кабыш кылыш үчүн Кыргызстандан Түркияга жөнөтүлгөн.
— Жер титирөөдө бүткүл дүйнө жүзү Түркияга кол сунуп жардам берди. Алардын арасында боордош түрк мамлекеттери да зилзала болгон алгачкы учурлардан тартып жардамга барышты. Түрк мамлекеттеринин ынтымагы жөнүндө да айтып кетсеңиз?
— Түрк мамлекеттеринин уюму 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып жаңыча дем менен белсене ишке киришкен. Өзүңүздөргө жакшы белгилүү ал мурда Түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги болгон. Бул уюм жылдар өткөн сайын бекемделип, кызматташуу тармагы да кеңейип баратат. Биздин ишенимибизди ого бетер бекемдеди. Келечекте түрк мамлекеттери экономикалык, социалдык, маданий жана көптөгөн тармактарда биргелешип аракет кыла турган бирдиктүү чоң уюм боло аларын көрсөттү. Бизди кубантканы Венгриянын Түрк дүйнөсүнүн биримдигинде ишке активдүү кирише баштаганы болду. Ошондой эле Түркмөнстандын түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошуп жаткан олуттуу салымы да келечекте бул өлкө биздин биримдигибиздин ажырагыс бир бөлүгү болорунан кабар берет. Мындан тышкары Кипрдин түрк дүйнөсүнүн мамлекеттер уюмунун кол чатырында болушу да бизге күч кошуп турат. Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсү биримдиги башкаларга кастык жарата турган биримдик эмес. Бул түрк мамлекеттеринин ортосундагы боордоштук, бир туугандык сезимди, алака-мамилени өнүктүрүү үчүн түзүлгөн биримдик. Ошондой эле мамлекет башчыларынын жолугушууларын өз тилинде өткөрүп жатканына абдан кубанычтабыз. Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттеринин жакында болгон расмий жолугушуусунда өз тилдеринде сүйлөшүү жүргүзгөндүгү биз үчүн тил биримдиги жагынан маанилүү болду десек болот. Биз Азербайжан менен Түркиянын президенттеринин ортосундагы мындай чын ыкластык тил биримдигине буга чейин күбө болгонбуз. Айрыкча Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттеринин арасында өз тилинде сүйлөй алган тилдик биримдиктин бар экендиги бизди абдан кубандырат. “Манас” университетинин студенттеринин жана окутуучуларынын атынан сиздердин “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин эмгек жамаатына ушул кыйын апаат күндөрдө колдоо көрсөтүп, биздин кайгыбызды бөлүшкөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы