Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверест тоосун ийгиликтүү багындырышы менен видео байланыш аркылуу куттуктады.
Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеванын эрдигине, кайраттуулугуна жана жогорку кесипкөйлүгүнө чын жүрөктөн суктангандыгын билдирип, анын өзгөчө жетишкендиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына чыныгы белек болгонун жана чечкиндүүлүк менен кайраттуулуктун жаркын үлгүсү экенин белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Эверестти 54 саатта багындыруу альпинисттин жеке жеңиши гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү окуя экенин кошумчалады.
Асел Байбагышева Министрлер Кабинетинин Төрагасына жылуу сөздөрү жана анын жетишкендигин жогору баалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Эверестте Кыргызстандын атынан чыгууда өзгөчө жоопкерчиликти сезгенин айтты.
Жазгүл Кенжетаева