Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Маалыматка ылайык ушул жылдын январь айынан июлдун аягына чейин Кыргызстандын аймагында 5 555 турак үй курулуп бүткөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 36,5 пайызга көп. Комитет жеке турак үйлөрдү курууга жалпысынан 18 млн. 318 миң сом жумшалган деп баалаган. Курулган үйлөрдүн баарынын аянтын кошуп чыкканда 698,7 чарчы метрди түзөт.
Облустарга бөлүп караганда бул жылдын алты ай ичинде:
Баткенде – 358 үй;
Жалал-Абадда – 1632;
Ысык-Көлдө – 311;
Нарында – 146;
Ошто – 911;
Таласта – 423;
Чүйдө – 1210 үй курулган.
Бишкек шаарында 445, Ош шаарында 119 жеке турак үй салынган.