Өлкө боюнча улуттук билим берүү, жаңы моделге өтүү этаптары ушул жылдын сентябрь айынан башталат. Учурда зарыл болгон керектүү даярдыктар жүрүүдө. Ошол эле педагогдор жаңы ыкма аркылуу сабактарды даярдоо, жаңы стандарттарга шайкеш келтирүү, билим берүү мекемелеринин техникалык базаларын жаңыртуу аракеттери жолго коюлууда. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин адистери маалымат беришти.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын маалыматына таянсак, сентябрда 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска барат. 2018-жылы жана 2019-жылы төрөлүп, мектепте даярдоо программасынан окуган балдар 2-класска отурат. 1-2-класстын окуучулары жаңы окуу жылына карата учурда Мамлекеттик билим берүү стандарты, мектептик предметтик стандарттар, китептер, окуу усулдук колдонмолор иштелип жатканын кабарлады. Балдарды 1-класска кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу ишке ашырылат.
Бала эгер сентябрь айына карата беш, беш жарым жашта болуп, тагыраагы алты жашка чыга элек болсо, окуу жылынын аягына чейин бала бакчанын жогорку тайпасында кала алат жана кийинки жылы 1-класска отурат. Эгерде сентябрга чейин алты жашка чыккан болсо, бала бакчада калбайт. Анткени мамлекеттик билим берүү стандартында 6 жашка чыккан балдар 1-класска барат деп так көрсөтүлгөн. Ошол себептүү ата-эне саламыттыгы чың, моралдык даярдыгы бар баланы 1-класска берүүсү зарыл.
Сабактын узактыгы 30 мүнөт
Коомчулукта айрым ата-энелер 5 жарым, 6 жаштагы балдар 45 мүнөт сабакка отуруусу тууралуу ар кандай пикирлерин билдирүүдө. Көпчүлүк ата-энелерде алгач мектеп босогосун аттаган жеткинчектердин окуу процесси кандай уюштурулат?, — деген суроо пайда болууда. Бул суроолорго Кыргыз Билим берүү академиясынын Мектепке чейин жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери Чынар Аттокурова жооп берди. “Ата-энелер балдар 45 мүнөт отуруп сабак окуйбу?, — деп тынчсызданууда. Кабатыр болуунун кереги жок. Адистер 6 жаштагы баланын өсүп-өнүгүүсүн, көңүл буруусун, канчалык деңгээлде чыдамкайлуулугун эске алышыбыз абзел. Сабактын узактыгы 30 мүнөт болот. 30 мүнөттүн ичинде 3-5 мүнөткө чейин кыймылдуу оюндар камтылат. Сабактар негизинен оюн-зоок форматында болот. Көбүнчө оюн технологиясы менен айкалышат. Маселен, математикадагы конструкцияларды колдонуп, бала кыймылдуу нерсени жаратуусу зарыл. Мугалим тажрыйбалуу, байкагыч, ар бир баланы өнүктүрүүчү болушу керек. Педагог менен ата-эне эриш-шаркак аракеттенгенде гана бала мектепке оңой көнүп, окуу процессине бат аралашат”, -дейт Чынар айым.
Баланы баага байлаганга болбойт
Балдар менен иш алып барган адистер бала мектептен үйгө барганда баланы баага байлабаш керек дейт. Мектепке чейин жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери Чынар Аттокурова: “Маселен балага бүгүн эмнени үйрөнүп келдиң? Ал кандай нерсе экен, мага айтып берчи? Сен бүгүн ким менен достоштуң?” — деген сыяктуу балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрө турган суроолор менен кайрылуу зарыл. Бала үйгө кайтканда зарыл жакшы жаңылыктарын кимдир бирөө менен бөлүшүүгө шашылса ошол утуш болот. Бизде айрым ата-энелер акчага байлап коюшат. «Сен 1 жумада мынча беш алсаң, ошончо акча берем»- деп айтат. Бул ыкмадан качыш керек”, — дейт.
Улуттук, үй-бүлөлүк мурастарга тарбиялоо – мезгил талабы
Ушу тапта Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2028-жылдарга мектептик билим берүүнү трансформациялоо, башкача айтканда, мектептик билим берүүнүн улуттук моделин этап-этабы менен ишке ашыруу процессинин алкагында иштерди аткарууда. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жаш муундарды тарбиялоодо үй-бүлө баалуулугу, улут мурастарына өзгөчө көңүл буруу мезгил чакырыгы, талабы экендигин белгилейт. “Билим берүү программаларынын стандарттары улуттук мамлекеттик баалуулуктардын тегерегинде айланат. Биз муундардын баарлашуусун камсыз кылып жатканда бешик ырын, чоң атанын жомогун укпаган бала кийинки муунга кандай баалуулукту бере алат? Албетте, эч нерсе бере албайт. Эгерде биз жаш муундарды даярдоодо улуттук, үй-бүлөлүк, тарыхый мурастарга таянбасак, шамал учуруп кеткен камгактай өз ордубузду жоготобуз. Биз – кылымдарды багынткан элбиз. Биз ушуларды эске алуу менен Кыргызстандагы билим берүү системасын толук трансформациялоодо “Алтын Казык” программасын алып чыктык. “Алтын Казык” – көчмөндөрдүн жол көрсөткөн эч кандай компасы жок, астрономиялык инструменти жок туруп табигат менен шайкеш жашаганындай, баланын билимине жол көрсөткөн жалгыз жылбаган жылдыз”, — деди министр. Чынында жаш муундун эртеңки келечегине, азыркы камылагалар жашоосуна багыт болуп, өз жашоосун түз алып кеткидей, ошол эле учурда коомго, мамлекетке тирек, пайда алып келген инсандарды тарбиялоо утуш болуп санааларына шек жок. Билимдүү бала – билимдүү коом экени айныгыс чындык.