"Эркин-Тоо"

Алтыгананы механикалык ыкма менен жок кылууга уруксат берилди

Министрлер кабинети Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют
департаменти жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту менен
биргеликте Талас облусунун Талас районундагы Шумкар-Уя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарда пилоттук режимде алтыган
бадалына каршы механикалык ыкма менен күрөшүүнү жүргүзүүнү
сунуштады.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Улуттук
илимдер академиясына Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарда пилоттук режимде
алтыгандын бадалына каршы механикалык ыкма менен күрөшүү
боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн тиешелүү корутундуларды берүү тапшырылды.
Бул үчүн каражат тиешелүү жыл үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарына каралган суммадан алынат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!