"Эркин-Тоо"

«Алтын калем» адабий сыйлыгы жеңүүчүлөргө тапшырылды

12-декабрь — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган жана классик акын Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн күнү адабият майрамына айланган. Бул күнү Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Улуттук Жазуучулар союзу уюштурган “Алтын калем” адабий конкурстун жыйынтыгы чыгарылды.
Иш-чарага маданият министринин орун басары Салтанат Аманова, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков катышып, жалпы адабият тармагынын өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады. Калыстар тобунун тандоосу менен Жазуучулар союзу уюштурган «Алтын калем» адабий сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды:
• Поэзия боюнча — Улукбек Омокеев, Бурулкан Сарыгулова жана Жедигер Саалаев;
• Проза боюнча — Топчугүл Шайдуллаева, Арслан Койчиев жана Айдарбек Сарманбетов;
• Драма боюнча — Капар Токтошов, Нурлан Абдырахманов жана Тыныбек Сыдыков.
Салтанаттуу майрам Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери даярдаган концерт жана чакан пьесалар менен коштолду.

Сымбат Максутова

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!