"Эркин-Тоо"

Алтын казуу иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келишкен

Чаткал райондук прокуратурасы  «Чаткал» токой чарбасы мекемесинин кызмат адамдары мыйзамдарды одоно бузгандыгын аныкташты.

Маалыматта Чаткал районундагы «Каратөбө-Бузук» участогунан лицензияда көрсөтүлгөн 24,07 га жер аянтынын ордуна, 42,9 га жерди «Э» аттуу ЖЧК менен келишим түзүп, 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижарага беришкен. Ашыкча 18,83 га жер аянты ижарага берилген. Мындан сырткары, аталган компания алтын кенин иштетүүдө лицензиялык уруксат берилген аянттан тышкары 1,50 га жер тилкесине чыгып, мыйзамсыз алтын казуу иштерин жүргүзүп келгендиги айтылган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 218-беренеси («Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш») менен иш козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!