Жакында эле Агартуу министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыя кылды. Ооба билимге умтулган, идиреги бар, аракетчил окуучулар алдыңкы сапка чыгышты. Республика боюнча 54 окуучу “алтын сертификат” ала турган болду. ЖРТдан эң жогорку баллды (242) Бишкектеги №70 мектептин окуучусу Атай Эстебесов алды. Албетте, Атайдын бул жетишкендиги абдан сыймыктуу. Ага ушул аракетинен жазбай билим алуусун улантып, кыргыз элине татыктуу кызмат кыла турган мыкты азамат болот деген ишенич билдиргибиз келет.
№70 мектептен бул жолу үчөө “алтын сертификатка” татыктуу болушкан. Аталган мектеп жылыга ушундай мыкты окуучуларды тарбиялап чыгарып келишкени жакшы маалым.
Ал эми “алтын сертификаттардын” саны боюнча айрыкча көңүл бура турган мектеп Бишкектеги №61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүүчү мектеп болуп калды. Анткени аталган мектептен бул жолу 10 окуучу “алтын сертификаттын” ээси болууда. Менимче, бул жөн эле кокустук эмес. Бул мээнет. Окуучуларга сапаттуу билим, тарбия берүүнүн көрсөткүчү. Жылдап ырааттуу, үзгүлтүксүз, атайылап максат коюп окутуунун натыйжасы. Анан албетте, ЖРТга даярдык көрүү, тестирлөөдө келүүчү ыктымал суроолор боюнча окутуу, туура багыт берүү өз жемишин бербей коймок беле.
Окуу-тарбия иштеринин натыйжалуулугу жагынан ийгилик жаратып жаткан мектептердин катарына Бишкектеги №12 Л.В.Толстунов атындагы орто мектепти да кошсо болот. Килейген бир облустан 3 “алтын сертификат” алган окуучулар чыкпай жаткан маалда бир эле мектептен 3 окуучу “алтын сертификат” алып жатканы да чоң жетишкендик.
Алардын катарына “Анадолу” кыргыз-түрк кесиптик лицейин, “Айчүрөк” кыргыз-түрк кыздар мектебин, №13 орто мектепти кошсо болот.
Ал эми облустар боюнча ала турган болсок Жалал-Абад облусу алдыңкы катарда. Жалал-Абаддык окуучулар 4 “алтын сертификатка” ээ болушту. Анын ичинен Курманбек Баатыр атындагы балдар лицейинен 2, “Лайт-Академия” орто мектебинен 1, №1 М.Н. Бабкин атындагы орто мектептен 1 окуучу “алтын сертификат” ала турган болушту.
Ошентип Бишкек шаарын курчап турган Чүй облусунан — 4, Ош шаарынан — 2, Ысык-Көлдөн — 2, Нарындан — 2, Таластан — 1, Баткенден жок.
Жогоруда “алтын сертификат” алгандардын бардыгы шаарлардагы мектептердин окуучулары. Бир гана Нарын облусундагы Н.Жүндүбаева атындагы орто мектеп айылдык болуп эсептелет. Ал дагы райондук борбордо жайгашкан.
Ошондо бир дагы айылдык мектеп “алтын сертификатка” илинген эмес. Кандай бүтүмгө келсек болот? Эмне айылдарда билим берүүнүн деңгээли төмөнбү? Айылда зээндүү, окугусу келген зирек балдар жокпу? Кантип эле бир айылдык бала чыкпасын. Салмактап көрбөйлүкпү. Ооба, шаарда компьютерлер, интерактивдик доска ж.б. билим берүүгө өбөлгө болчу технологиялар айылдарга караганда жетиштүү. Улам бир курстарга берип, кружокторго катыштырып окутуунун мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Бирок, башкы себеби бул эле эмес болсо керек. Деген менен айылдардын өзүнүн артыкчылыктары бар. Айылдык балдар китептен окуган нерселерин өз колдору менен кармап, ага жараша ой жүгүртүп чоңоюшат. Бир нерсени билгенге дилгир болушат. Ой жүгүртүүлөрү өнүгүп, өсөт. Келечегинде айылдан чыккан чыгаан азаматтар арбын болорун турмуш көрсөтүүдө. Анда эмнеге ЖРТга келгенде айылдык балдардын баллдары аз?
Дагы бир белгилеп коё турган нерсе, сертификат алгандардын бардыгы 1 мектепти эске албаганда орус тилдүү мектептердин окуучулары. Орус тилдүү мектептерде билим берүүнүн сапаты ошончолук эле жогорубу? Же башка да себептери барбы? Шарттары бирдей шаардагы эле кыргыз мектептер атаандаша албай калып жатканы эмнеси? Мына ушундай беймаза суроолор көп.
Былтыр менин неберем да ЖРТ тапшырган. Жогорку балл алды, бирок “алтынга” жетпей калды. Өзү кыргыз мектептен окуган. ЖРТны кыргызча тапшырган. Даярданып жүргөн маалында ушундай суроолор бар экен. Сиз түшүнөсүзбү деп мага көп нерселерди жөнөткөн. Чынын айтайын мектепти жаңы бүтүп аткан бала эмес, өмүр бою журналистика тармагында иштеген мен түшүнө албай койгом. ЖРТнын тестиндеги кыргызча коюлган суроолор кайра баштан түзүп чыгууну талап кылат. Адегенде орусча даярдалып, анан кыргызчага которулуп даярдалган суроолордун логикасы эч коошпой калат экен. Кийин неберем айтты: “Орусча эле тапшырсам болмок экен. Суроолору абдан түшүнүктүү экен” деди.
Албетте, шаар менен айылдын шарттарын салыштырууга болбойт. Балким, айылдык мектептерге башка шарттар менен ЖРТ жүргүзүш керек өңдөнөт. Бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдү жалаң шаардык балдар ээлеп алса, алыстан, айылдан келген балдар бюджеттик орундарга жетпей калганы калыстык болбой калат экен.
Баткендин мисалынан караганда, “алтынга” бир дагы окуучу өткөн эмес. Шарты катаал, эң алыскы облус. Чек ара чатагы эми гана басылды. Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев чыккан Баткенден мыкты балдар кантип чыкпасын.?!
Демек, ЖРТ маселесин жакшылап таразалап, айылдык балдарга ыңгайлаштырып түзүп чыгуу – учур талабы. Бул жагын Агартуу министрлиги терең талдап, анализден өткөрүп, айыл менен шаарды теңдеп, аларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп бериши шарт.
Курманбек РЫСПАЕВ

