"Эркин-Тоо"

«Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 25-апрелде өтөт

«Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 25-апрелде өлкөнүн бардык аймагында бир убакта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2022-2023-окуу жылында «Алтын тамга» тестине 2 миң 23 талапкер катталган. Тестти өткөрүү үчүн 19 тест өткөрүү пункту түзүлдү.

Тестирлөө төрт милдеттүү окуу сабактары: математика, эне тили жана адабияты (кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, өзбек тили жана өзбек адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия боюнча өткөрүлөт.

Тест толук бойдон окуу предметинин мазмунун билим берүү программаларына жана мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкештикте чагылдырат. Стандартташтырылган тест төмөнкүдөй түрдɵ берилет:

— жабык түрүндөгү тапшырмалар (бир туура жоопту тандап алуу менен);

— ачык түрүндөгү тапшырмалар;

— туура ырааттуулугун аныктоого берилген тапшырмалар;

— шайкештигин аныктоого берилген тапшырмалар.

Белгилей кетсек, жалпы орто билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын өздөштүргөн жана 10-11-класстар үчүн бардык окуу сабактары «5» (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге «Алтын тамга» тестине тапшыруу укугу берилет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!