— Алтынай, сиздин кесип — чыгармачылык чон чеберчиликти талап кылат эмеспи. Деги эле чыгармачыл инсан болуу сизге кандай сезимдерди, көз ирмемдерди тартуулайт?
— Чыгармачылыкка сапар алышыма Кудайдын берген таланты себепчи го деп ойлойм. Өнөр айдыңындагы адам болуу бала кезден берки чоң кыялым болчу. Эми азыр дал ошол аруу тилегим орундалып, сонун көз ирмемдерде, бактылуу, баалуу жашоодо жашап жатканыма шүгүр кылам.
Кесибимди сүйүп тандагам. «Атактуу боло калайын же жакшы акча табайын…» деп эки ыр жаздыра калып, женил ой менен да чыккым келген эмес. Мени байлык да, атак-данк да кызыктырбайт. Жөн гана ырдаганды сүйөм.
— Сиздеги өзгөчөлүк — гитараны эң жакшы чертесиз. Бул музыкалык аспап сизге эн жакын достой болсо керек?
— Кичинемде комуз үйрөнүүгө аракет кылгам. Бирок азыр унутуп, жакшы ойной албайм. Ал эми гитара менен ырларды сүйүп угам жана гитара колума алып ырдасам абдан эс алам.
— Ырларды тандоодо айрыкча эмнеге маани берип, көңүл бурасыз?
— Обонуна көбүрөөк маани берем. Репертуар тандаарда жүрөгүмдү тыншайм. Ыр жан дүйнөмө дароо жакканын карайм. А эгер ойлонуп калсам анда ал чыгарманы ырдабашым керек экенин сезем.
— Сизге ачык-айрым, шайыр мүнөз жакса керек?
— Ооба. Озум да шайыр кызмын. Күлүп, жаркылдап жүргөн адамдарды да жактырам. Болбогон нерселерге капа болуп, тынчсызданып, өзүмдү кыйнагым келбейт. Ээн-эркин, шартылдап жүрөм. Жашоону татаалдаштырбай жашаган жагат.
— Сиз үчүн эн баалуу нерсе эмне?
— Убакыт, анан албетте, ден соолук, жакындарымдын амандыгы — мен үчүн өмүрдөгү эң баалуу нерсе деп билем.
— Чыгармачылык кече же болбосо концерт уюштуруу — аткаруучулардын эн башкы кыялы, максаты болот го. Буюрса, 17-ноябрь — жеке чыгармачылык концертинизди өткөрүү алдында турасыз. Даярдыктар кандай болууда?
— Туура айтасыз. Ар бир ырчынын кыялы жеке концерт берүү болсо керек. Мен да ошол аруу тилегимди ишке ашыруу максатында турам. Даярдыктар акырындан болуп жатат. Элден өзгөчөлөнгөндү деле жактырбайм. Ар бир адамдын өзүнүн күйөрманы, өзгөчө угарманы бар эмеспи. Эң башкысы, таза жандуу ырдап, ошол жандуу музыкадан, ырларымдан эл руханий жактан эс алып, кубаныч менен кетсе дейм.
— Чыгармачылык жеке кечениз эң жакшы деңгээлде өтүшүн каалайбыз!
Саадат САДЫКОВА