Абдувапов Алтынбек Каныбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 2021-жылдын 14-июнундагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды, деп билдирет МСК басма сөз кызматы.
15-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Салык кызматынын жамаатына жетекчинин жаңы орун басарын тааныштырды.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Салык кызматынын алдында турган приоритеттүү милдеттерди, анын ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, салык жол-жоболорун андан ары санариптештирүү боюнча милдеттерди белгилеп, салыктык башкаруу системасында олуттуу реформалардын зарылдыгын көрсөттү. Ал ошондой эле салык төлөөдөн качкан ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдү чечкиндүү түрдө аныктоого, контрафакттык алкоголдук жана тамеки продукциясын күрөшүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө чакырды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын башка буйругуна ылайык Мамытов Замирбек Качкынович Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Ал эми Салык кызматынын төрагасы И. Ж. Иманбетовдун буйругу менен ал Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, Салык кызматынын жетекчисинин жаңы орун басары Алтынбек Абдувапов буга чейин Мамлекеттик салык кызматында башкармалыктын начальниги кызматын ээлеп келген.