"Эркин-Тоо"

Алтынбек Сулайманов көл жээгиндеги курулмалардын мыйзамдуулугун текшерди

Кечээ, 3-июлда Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов президенттин “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгынын аткарылышын жана пляждардын абалын текшерди.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, текшерүү Бостери айылынан башталып, эл көп келген “Золотые пески” пансионатынын аймагында соода-сатык башаламан жүрүп, эс алуучуларга ыңгайсыздыктар жаралып жатканы белгилүү болду. Аларды башка жерге көчүрүү боюнча дароо сүйлөшүүлөр жүрүп, жери аныкталды.

Ошондой эле муниципалдык пляждар текшерилип, аларды дагы ирээтке келтирүү максатка ылайык экени аныкталды.

“Биз буга чейин президенттин жарлыгына ылайык, пляждарга жергиликтүү тургундар тоскоолдуксуз кирүүсү боюнча жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жарлык кынтыксыз аткарылып жатыптыр. Бирок эс алуучу жайларга келген туристтерге ыңгайсыздык жаралбашы үчүн жергиликтүү тургундар бара турчу муниципалдык пляждарды дагы ирээтке келтирүү максатка ылайык, ошондуктан пляждарды текшерип, мониторинг жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түздүк. 3 күн ичинде жумушчу топ чечим чыгарып, иш андан ары уланат”, — деди облус башчысы.

Текшерүүнүн натыйжасында түзүлгөн жумушчу топ пляждарга салынган курулмалардын мыйзамдуулугун карап, муниципалдык пляждарды ирээтке келтирүү боюнча сунуштарын бермекчи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!