Ысык-Көл облусунда өлүмгө алып келген илдетке кабылгандар көбөйгөнү тууралуу маалыматтын тарагынына бир айдын жүзү болду. Тагыраагы ушул жылдын 6 айында облус боюнча эхинококкоз илдети менен 45 адам каттоого алынган. Мындан тышкары жарым жылда ВИЧ инфекциясы менен 39 учур жаңы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 14 учурга көп болгон. Бүгүнкү күнгө 250 адам, анын ичинен 7 бала ВИЧ инфекциясына каршы дарыланып жатышат. Айрыкча жергиликтүүлөрдү эхинококкоз илдетинин жаш балдардан да катталып жатканы тынчсыздандырууда. Облустун бардык аймагында 2023-жылдын 25-апрелинен 25-майына чейин өткөрүлгөн эхинококкозду алдын алуу жана ага каршы күрөшүү бир айлыгынын алкагында көрсөткүчтөрү жогору болгон аймактарда 4907 мектеп окуучулары УЗИден текшерилип, 6 баладан эхинококкоз, 22 баладан кальцинат аныкталып, дарыгерлердин каттоосуна алынды. Ысык-Көл районунда 460 адам текшерилип, 22 адамдан кальцинат аныкталган. Анын ичинен үчөө бала бакча курагындагылар, 13 окуучу, 6 ата-эне.
Анча этибар алынбаган дарттар чындыгында коркунучтуу жана адамдарды өлүмгө кириптер кылат. Эмне себептен Ысык-Көл облусунда мындай абал түзүлгөн? Биз бул суроо менен Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө департаментинин жогорку категориядагы врач-паразитологу Жумагүл Усубалиевага кайрылдык:
— Кыргызстанда эхиноккоз илдети союз тарагандан бери курч бойдон калып келет. Анткени илдет иттен гана жугат. Жарандардын ит багууда жасаган жоопкерчиликсиз мамилеси тилекке каршы кырдаалды дагы да курчутууда. Жылына 1000 адамдан илдет аныкталып, алардын 15 пайызы 14 жашка чейинки балдар болууда. Азыр биз республика боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Медициналык көзөмөл жүрүп, элдин саламаттыгын текшерүү учурунда Ысык-Көл облусунда илдет жуктургандар көп экени аныкталды. Ысык-Көлдө түзүлгөндөй кырдаал башка облустарда да болушу ыктымал. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан кырдаал ушундай болуп жатат. Мурда иттердеги курттарды түшүрүү иштери мыйзамдуу түрдө талап кылынып, 3 ай сайын жүргүзүлүп турчу. Союз тарагандан кийин ушул иш-аракеттерге жоопкерчиликтсиз мамиле жасала баштады. Бир айылда бир ветеринар болсо, ал бардык иттерди көзөмөлдөй албайт да. Иттердин ээлери ветеринарларга “итти өзүң кармап дарылай бер”- дегендей таризде жоопкерчиликсиз мамиле жасоодо. Эң оболу иттин ээлери итин дарылап турууга өзү кызыкдар болсо. Анткени альвекоккоз менен эхинококкоз жуктуруп алгандар илдетин билбей жүрө беришип, боор оорусуна чалдыгып калышууда. Эхиноккозду жуктургандарды да операция, дарылоо жолу менен айыктырып алса болот. Ал эми альвеококкоз рак сыяктуу жайылып кетип, чет мамлекетке барып боор алмаштырып келгендер көбөйдү. Биздеги мындай кырдаалды жарандардын жоопкерчилиги гана токтото алат деп ойлойм. Жолбун иттер илдетти жуктурган биринчи фактор болуп эсептелет. Алар сууларга, чөптөргө, жер-жемиштерге курттун жумурткалыктарын таштап кетет. Андыктан биз азыр калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү ыкчамдаштырдык. Ветеринарлар да ишин ыкчамдатышты. Ушул айдын акырында 29-30-август күндөрү өлкөбүздө Эхинококкоз боюнча Дүйнөлүк конгресс да болгону жатат. Биз илимий жана практикалык жактан тажрыйба алмашуу аркылуу абалды дагы да көзөмөлгө алабыз.
— Эмнеге абал оорлошуп кеткен? Абалды өз убагында көзөмөлдөп жөнгө салууга болбойт беле?
— Биз дайыма экскертип айтып турабыз. Бирок, жарандар итти дарылоону тиешелүү деңгээлде жүргүзүшпөйт. Баары эле иттин заңынан илдет жугушун билет. Бирок, кайдыгерлик кылат. Ал эле эмес эхинококкоз болгон жарандар дарыгер жазып берген дарыларды убагында ичпейт. Биз азыр тиешелүү кызматтар биргелешип иштеп жатабыз. Абалды оңдоого жарандарыбыз да жардам берсе дейбиз.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА