"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөздөрү кайрадан курулууда

Ош шаарындагы Сармазар көрүстөнүндө жайгашкан Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөздөрүн жаңылоого багытталган курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндөн тарта күмбөздөрдү жаңылоо иштери менен катар көрүстөндүн кире бериш бөлүгү да оңдолуп, иретке келтирилет.

Шаардык бийликтин билдирүүсүндө, жаңы күмбөздөрдү курууга зарыл болгон каражаттарды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке каражатынан бөлүшкөнү белгиленген.