"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Алымбек датканын 225 жылдыгына карата 200 боз үй тигилүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 11–12-сентябрь күндөрү Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз элинин биримдиги жана азаттыгы үчүн үзүрлүү эмгек өтөгөн Алымбек датканын 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде өткөрүлөт.

Юбилейдин алкагында кыргыз-казак акындарынын ортосунда эл аралык «Айтыш», улуттук оюндар жана гала-концерт уюштурулат. Байге фонду жалпысынан 600 миң сомду түзүп, башкы жеңүүчүгө Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир тапшырылат. Ошондой эле кунан, жорго жана аламан чабыш болуп, үч автоунаа байгеге коюлат.

Мындан тышкары, ордо, күрөш, аркан тартыш, салбуурун сыяктуу улуттук оюндар өтүп, иш-чара маданият кызматкерлеринин катышуусундагы гала-концерт менен жыйынтыкталат.

«Алымбек датка» коомдук фондунун төрагасы, датканын урпагы Абдылдабек Эгембердиевдин айтымында, иш-чарага даярдык кызуу жүрүп, Алымбек датканын жайлоосунда 200 боз үй тигилүүдө.

Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, бул маараке жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын катарына кирген.