Алымбек датканын урпагы Абдумалик мырза Кыргызстанга келип, жарандык алды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Сарыбашов билдиргендей, Алымбек датканын тун уулу Абдылдабектин түз урпагы Абдумалик мырза тарыхый мекени Кыргызстанга келип, кыргыз жарандыгын алды.
Маалыматка ылайык, бул окуя ата-бабаларынын тарыхый мекенине кайтып келүүсүнүн жана муундар ортосундагы байланыштын калыбына келишинин маанилүү мисалы катары бааланууда.
Эл өкүлү мындай көрүнүштү тарыхый адилеттүүлүктүн орношу деп атап, чет өлкөлөрдө калган урпактардын өз тамырына кайтып келиши жалпы улут үчүн маанилүү саамалык экенин белгиледи.
Ошондой эле ал бул процессте колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.
Адистердин айтымында, тарыхый инсандардын урпактарынын мекенге кайтып келиши улуттук биримдикти бекемдөөгө жана тарыхый мурастарды сактоого өбөлгө түзөт.