Кыргызстандын аймактарындагы дарыгерлер айына 100 миң сомго чейин алышат. Азыр бир гана Ош менен Бишкектеги дарыгерлердин айлык акысын көтөрүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министри билдирди.
Эске салсак, учурда депутаттар Айсулуу Мамашова жана башка эл өкүлдөрүнүн мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатышат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы бул демилгени колдой турганын белгиледи.
«Мыйзамга өзгөртүү киргизип койгула, анткени азыр ооруканаларда кландар иштеп жатат. Эртең менен медиктер бейтаптарды текшерип, түштөн кийин аларды жеке клиникаларына жөнөтүшөт. Биз муну токтотушубуз керек», — деди министр.