"Эркин-Тоо"

“Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча Кыргызстан курама командасы 10 медаль жеңди

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча Кыргызстан курама командасы 10 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, «Алыш» күрөшүнүн эркин түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 5 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңди. Кыздар арасында 55 килограмм салмакта Элзада Момунжанова, 65 килограмм салмак даражада Нурзада Мыктыбек кызы, 70 килограмм салмакта Нурзат Бактыяр кызы жана 75 килограмм салмактан жогоркулар арасында Нагира Сарбашева, эркектер арасында 60 килограмм салмакта Калысбек Каимов алтын байгенин ээлери болушту.
80 килограмм салмак даражада Азизхан Мусабек уулу, 100 килограмм жогоркулар арасында Кадыр Келсинбеков күмүш медаль жеңди.
Ошондой эле, 70 килограмм салмакта Касымбек Анарбаев, 90 килограмм салмак даражада Нурсултан Бочонов, 100 килограмм салмакта Исламбек Алик уулу коло байге алышты.
Белгилей кетсек, буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп анда спортчулар 9 медаль жеңген. Жалпы “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы 19 медаль жеңди.
Жалпы командалык эсепте, классика түрү боюнча Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Ал эми эркин түрүнөн кыз-келиндер курама командасы тизменин сап башында.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!