Мени сыртыман билгендер «турмушта баарын көргөн, тажрыйбага бай, ийгиликке жеткен, бактылуу киши» деп ойлосо керек. Бирок, менде көпчүлүк билбеген бир сырдуу дүйнө жашайт. Ал – менин жүрөгүмдө сакталган сүйүү, жалгыз гана өзүмө угулган сагыныч менен кусалыктан турган арзуу ыры. Мен бул окуяны кимдир бирөөгө айтышым керек, деп көп ойлонуп, акыры сизге айтууну туура көрдүм. Мүмкүн сиз уккандан кийин мени мурдагыдай сыйлабай калаарсыз, кандай болгон күндө да мен бул окуяны айтпасам болбойт…
Өзүңүз жакшы билесиз, жашоодо үй бүлө күттүм, балдарымды тарбиялап, өстүрдүм, кызматтан-кызматка да көтөрүлдүм, урмат-сыйга да ээ болдум. Бирок жүрөгүмдө түпөйүл тынчтык бербеген бир сезим өмүр бою мени менен чогуу жашап келди. Менин жашоом катар түшкөн эки жолдой эле: биринчиси – мамлекеттик кызматтын, үй бүлөнүн мага ишенип артылган милдетин аткаруу. Экинчиси – жүрөктө жашаган жалгыз сүйүүнүн, жан дүйнөнү ээлеген параллель жолу болду. Мен мына ушул эки жолду бири-бирине тиешеси жок абалда кармап жашадым. Сүйүүнү күнүмдүк жашоодон бөлүп, жүрөктүн тереңине катып жашадым.
Аны эстегенде түшүнүксүз жылмайып, анан жүрөгүм канап, чачылган ойлоруму жыйнай албай, көзүмдөн сызылып жаш агып кетчү. Биз жашаган Институттун жатаканаларынын жанынан өткөн жолдун боюнда колумда кыз берген чакан чака, ичинде мөмө-жемиш, бетинде үйлөнүү тойго чакыруу баракчасы… Жолдун так ортосуна ошол чака менен баракчаны кантип чачып жибергеним эсимде жок. Жолдон өткөн авто унаалар чачылган мөмө жемиштерди тебелеп, ширесин жолго жайлтып бырчалап өтүп жатты. Чакыруу баракчасы да улам өткөн авто унаалардын шамалына учуп, көздөн арылап кетти. Көзүм тунарып, кулагыма эч нерсе угулбай тунжурап туруп калдым. Сезимдин кыйроосубу же ызага болгон чыдабастыкпы, айтор ошол күнү менин дүйнөм бүтүн бойдон урап түштү.
Үйлөнүү тойго чакыруу берген кыз – ал менин өмүрүмдүн таянычы болчу. Биз Институтка келген биринчи курстан баштап бири-бирибизге өзгөчө тартылып, арзуубузду көз караштардан эле түшүнүшүп калганбыз. Сейил бактарда чогуу басып, китепканаларга чогуу бардык. Сабактар кызыктуу өтүп, студенттик турмушту эң бактылуу, жаркын күндөр коштоп турду. Анын булактай үнү, мээримдүү мүнөзү, назик күлкүсү, билимге болгон умтулуусу, акыл-парасатынын тунуктугу мага жалаң гана бактылуулукту тартуулап турду. Менин дүйнөм ошол кыздын көз карашына, жан дүйнөсүнө гана байланып жашап калды.
Үчүнчү курстун аягында сүйүүбүздү үй бүлө куруу менен бекемдөөнү чечтик. Кыздын шаардык экенине карабай, мен — айылдык жигит, сүйүүбүздүн күчүнө ишенип, ата-энем менен кеңешпей туруп, борбор шаарыбызда окуп, иштеп жүргөн айылдаш улуу агаларды жуучулукка, кыздын ата-энесинин алдына жибердим. Алар барып келгенден көп өтпөй кыздын ата-энеси каршы экенин, менин шартым алардын талабына туура келбесин айтып, четке какканын уктум. Ошондо кыздын ата-энесинин алдына мен өзүм бардым. Бирок мени алар кабыл алган жок. Агалары колуман жетелеп, сыртка чыгарып койду. Кийин кыз өзү айтып берди: кыздын атасы апасын күнөөлөп, «сен кызыңа жакшы тарбия берген эмессиң, кызың ошол айылдык жигит менен соо эмес. Өз абийирин жабыш үчүн ошол жигитке турмушка чыгам деп жатат!..» деп намысына тийген катуу сөз айтыптыр. Ошондо ал атасынын сөзүнө болгон таарыныч менен, өзүнүн тазалыгын далилдеш үчүн куда түшүп келген шаардык балага турмушка чыгууга макулдук берген экен…
Мага ал учурда Институтта окуу да, шаарда калуу да мүмкүн болбой калды. Дүйнө тарып кетти. Шаарга батпай калдым. Ошентип мен аргасыз аскер комиссариатына барып суранып Советтик Армиянын катарына кызмат өтөөгө кеттим. СССРдин убагында армияда кызмат өтөө мөөнөтү 2 жыл эле. Убакыт дарылайт деген үмүт менен ошол жолду тандадым. Ал учурдагы жан дүйнөмдүн жабыркаганын, жүрөктүн ызасын ким түшүнмөк? Арадан үч ай өткөн соң, аскерден 20 күнгө “отпуск” сурап алып, кайра Институтка бардым. Окуу жайдан кызга жолугуп, кайрадан сунуш киргиздим. “Азыр да кеч эмес, мен сени алып кеткени келдим. Сен ата-энеңе өзүңүн тазалыгыңды далилдедиң, эми мени менен бол…” деп эмнелерди сүйлөп жатканымы өзүм толук түшүнбөй, зарлап сурандым. Ал макул болгон жок. Бүттү… Ошентип мен кайрадан аскерге, ал үй бүлөсүнө узап кеттик. Бирок жүрөгүмдөн ал эч кеткен жок. Эки жыл кызмат өтөп, Институтка кайтып келсем ал окууну бүтүп кетиптир. Ошол бойдон биз көрүшкөн жокпуз.
Мен аскерден кийин окуу жайды бүтүп үй бүлө курдум. Балалуу болдум. Ийгиликке жеттим. Бирок… Ал менин жүрөгүмдө дайыма жашап жүрө берди. Өзүм жубайыма, жалпы эле аялзатына сылык мамиле жасап, бирок эч кимге жүрөгүмдү ачкан жокмун. Анын ордун эч ким баса алган жок. Кудайдын алдында жалгыз бир гана адамга болгон сүйүү менен жашадым. Жубайыма чексиз урмат-сыйым болду, бирок сүйүүм бир гана ошол кызга байланып кала берди. Мен үчүн ал – бүтүндөй аалам эле. Жашоомдо кандай гана жагымдуу нерсе болбосун, ошол кыздын элеси көз алдыма тартылып турду. Сыртыман караган адамдарга бактылуу көрүнгөнүм менен, жүрөгүмдө дайыма бир гана адамга болгон эңсөө, кусалык, сагыныч, арман өмүр бою жашап келди.
Курсташтарыман угуп жүрдүм, ал да өз турмушунда оңой жашоо кечирбептир. Үч уул төрөп, чоң эне болуптур. Окууну бүткөн бойдон, ошондой жогорку билими менен эч жерде иштебептир. Бирок ал да мен тарткан азапты тартып турмуш кечирип келатканын жүрөгүм менен сезчүмүн. Кээде күйөөсүнөн көргөн кордуктан ата-энесинин үйүнө качып келген күндөрү болуптур. Атасы ошондой күндөррдүн биринде кызын бекем кучактап, терең улутунуп, кызынан кечирим сураганда, кызы түнү бою ыйлап чыкканын да уктум. Атасынын кызынан ошол кечирим суроосу өзүнүн жаңылышканын, кызынын катаал тагдырга кабылуусуна себепчи болгонун мойнуна алган далили болсо керек.
Биздин сүйүүбүздүн тагдыры – бир эле катачылыктын, бир эле туура эмес чечимдин курмандыгы болду. Жуучулукка жиберген айылдаш агалардын туура эмес сөзү, кыздын ата-энесинин убагында түшүнбөстүгү, эл эмне дейт деген куру намыс – ушунун баары экөбүздүн ортобузду бөлүп турган бийик дубал орнотуп койду. Ошол чек-ара дубалдан өтө албай, экөөбүз эки башка турмуш жолуна түштүк. Жүрөктөгү сүйүүбүз ошол дубалдын эки тарабында түбөлүк кала берди. Унутулган жок. Өчкөн жок. Күнүмдүк жашоо-тиричилик ал сезимди артка калтырганы менен жүрөк куругур ал сүйүүнү жаш баладай ар дайым алдыга сүрөп, жетелеп жүрүп отурду.
Ошентип биз нукура жашоодо бир да жолу көрүшпөй 44 жыл жашадык. Ал мезгил аралыгында ал жөнүндө дайыма сурамжылап, тааныган-билгендерден кабарын угуп жүрдүм. Аны эмнегедир “өзүмүн тарткан азабымын элесинде” дайыма аячумун. Ага болгон арзуум 44 жыл аралыгында бир күн да жашоомдон сыртта калбай, жүрөгүмдө жашап, ар бир жаңылыштыгым үчүн өзүмдү күнөөлөп, “мен ошондо эч артка кайтпай аракет кылсам болмок…” деп өзүмдү ичимен жектеп өмүр өткөрдүм. Жашоодо бир сырды жүрөккө катып жашоо – эң оор жүк. Аны көркөм чыгармага айлантып жазып же коомчулуктун алдына чыгып баяндап берүүдөн алда канча оор.
Өз алдыңча үй бүлө куруп, балалуу болуп, сырткы чөйрө суктанган турмуш кечирип, бирок жүрөктөгү бир адамды ар дайым эстеп жашоо – бул сүйүү эмес, бул рухуңун денеңи таштап учуп чыгып, ошол адамга жолугуп келгенине барабар катаал аракет. Ошол 44 жыл аралыгында ал да биз окуган институттун алдындагы отургучка ар дайым келип, мендей болуп күтүп отуруп кетип жүргөнүн кийин билдим.
Пенсияга чыгып, 66 жашка толгон курагымда борборго дарыланууга баратып, ал кыздын телефон номерин курсташтарыман сурап алдым. Мен борборго дарыланганы баратам. Мүмкүн шартка карап жолугушабыз, деп телефондон кат (смс) жаздым. Ал мага: “сени менен көрүшкөн мезгилде Аллага аманатын тапшырып, сенин колуңан жан берсем да ыраазымын… Алыс жерде жашап, мен жөнүмдө мендей болуп эч унутпай ойлоп жүргөн адамдын бар экени мен үчүн зор бакыт!..” деп жооп жазыптыр. Болжошкон күнү мен адаттагыдай биз окуган Институттун алдындагы отургучка келип күтүп отурдум. Бизге көңүл бөлгөн бир пенде жок. Тирүүлүк өз агымында өтүп жатты. Биздин көрүшпөгөнүбүзгө жарым кылымга чукул убакыт болгон. Эмнегедир калтырак баскан дене-боюму улам түздөп коём. Карасам, алыстан бир аял келе жатат. Тааныш басыш. Тааныш жылмаю. Мен эс-учумду жоготуп койгондой болдум. Ал жакын келгенде ордуман тура калып, каректерибиз чагылышып, көздөрүбүзгө кадала тиктеп, үнсүздүктө туруп калдык. Көздөр жашка толуп, унчукпай жаш толгон каректер менен сүйлөштүк. Тилден мурда жүрөктөгү үн сүйлөп жатты.
Бир маалда ал үн катты:
— Мен 44 жыл бою сенсиз бир мүнөт да жашаган жокмун. Ар бир мүнөтүмдө сен бар элең…
Мен да аны менен жарыша ошол эле сөздү айтып жаттым.
Жүрөгүмдүн эң тереңинен ошол эле сөз чыгып жатты:
— Мен 44 жыл бою сенсиз бир мүнөт да жашаганым жок… Биз экөбүз тең ушул эле сөздү кайталай бердик. Бирок бул сөз жетишсиз болчу. Мындай учурда, мындай сезимди айтып берүүгө эч бир тил жетпейт экен. Бул – пенде менен пенденин ортосундагы эмес, Кудай менен жүрөктүн ортосундагы байланыш эле. Ал сөзүн улап: “Арадан 44 жыл өтүптүр, биз окуган институттун алдындагы сен мени күтүп отурган бул отургучка мен жок дегенде бир жумада бир жолу келип, сени ойлоп, бир аз убакытка отуруп кетчүмүн. Эки агаң, эки иниң кайтыш болгонун угуп сен отурган ушул отургучка отуруп Жараткандан сага сабыр тиледим. Бир туугандан айрылуу кыйын экендигин билем. Сага сабыр, тынчтык, ден соолук тилөөдөн башка аргам жок менин…”
Андан кийин биз эки жолу жолугуштук. Жолдошторубуз, үй бүлөбүз, уул-келин, кыз-күйөөлөрүбүз, неберелерибиз бар. Бирок ар бир жолугушуу – тирүүлүк ташпишинен бир аз убакытка бошоп, рухубуз биригип баш кошкон ыйык мүнөттөрдөй туюлат. Биз үчүн бирге жашоо эмес, бири-бирибизди эстөө, ошого мүмкүнчүлүк берген тирүүлүктүн өзү маанилүү. “Тирүүлүктүн ар бир күнү майрам” деген сөздүн маанисин мен эми түшүндүм. Убакыт өтөт, адамдар унутулат, сезимдер өчөт деп айтышат. Жок мен үчүн ал күндөр – кечээ эле болуп өткөндөй, сезимдер – бүгүн эле жаралгандай. Биз улгайып, башыбыздан көп нерсе өткөн соң жолуктук. Бирок жүрөгүбүз жаш бойдон кала берген. Сезимде баягы жылуулук, туюмда баягы терең түшүнүү, сөзү жок каректер менен сүйлөшүү калды. Биз бири-бирибизге жашоонун алгачкы отун тутантып, андан соң түбөлүктүү жарыгын чачкан адамдар болдук. Биз бирге жашай алган жокпуз. Бирок жүрөк түпкүрүнөн бири-бирибиз үчүн жашоону уланта алдык.
Соңку жолугушууда ал кындан суурулган кылычтай жалаңдаган чындыкты айтты:
— Мен үй бүлө куруп, бала төрөп жашаганым менен эч качан күйөөмө толук аял боло алган жокмун. Жашоомдо акыйкат мээрим, аздек мамиле, урмат-сый болгон жок. Сенден башка эч кимге жүрөгүмдү ачкан жокмун. Мен турмушта күн көрдүм, бирок жашаган жокмун.
Мен аны карап туруп, жүрөгүмдөгү башка бир кудирет менен жаралган ички үнүм менен гана жооп бердим. “Мен да жашаган жокмун!..” дедим ичимден. Экөөбүздү убакыт бөлдү. Тагдыр бөлдү. Элдер бөлдү. Бирок сүйүүбүздү эч ким, эч нерсе бөлө алган жок.
Коштошордо ал мага мындай деди:
— Ошондо жуучулукка жөнөткөн айылдаш агаларың менин ата-энеме туура эмес маалымат бериптир. Жакшы ишке жат адамды аралаштырбаш керек экен. Эгерде мен кайтыш болуп кетсем сага кабар жетсин деп бир адамга телефон номериңди бердим. Экөөбүздүн сүйүүбүздүн тарыхын ал адам жакшы билет. Капыстан кабар айтса рухума багыштап Куран окуп кой. Дал ушул биздин сүйүү, жашоодон үмүт үзүп баратканымда мени сактап калды. Сенин бар экениң кайрадан жашагымды келтирет. Билесиңби, жашоонун эң сонун күндөрү сен мени күтүп отурган мына ушул отургучта калды. Эми мен сен кеткениңден кийин да ушул жерге тез-тез келем. Албетте сен болбойсуң, бирок мен сени көрөм. Жанаша отурам. Сен мени күтүп отурганыңды, башыңдагы ак чачтарыңды элестетем…
Биз бул жолугушууларда эч нерсе убада кылган жокпуз. Болгону, эң таза сезимдерди эстеп, бири-бирибизге дуба кылып жашоону улантууну чечтик. Кудай өмүр берсе, дагы көп жолугушуулар болот. Болбосо да, ар бир көз ирмемде ал менин жүрөгүмдө. Бул сүйүү – өмүрүмдүн аманаты. Агарып аткан ар бир таң, чексиз асман, табигаттын болгон сулуулугу мага анын элесин тартуулайт. Менин сүйүүм – мага толук таандык болгон жок. Ал ар дайым меники, менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө, бирок ошол эле учурда жанымда жок. Мен эле эмес – ал дагы так ушундай өмүр кечирүүдө. Бул албетте – эң улуу сүйүү. Мындай сүйүү ар бир адамга бериле бербесе керек. Сүйүүгө ээ болгон адамдар мага – бул дүйнөдө түбөлүктүүлүтүн сакталып калышын камсыздаган адам рухунун тирүү күбөсү сыяктуу таасир калтырат. Бул – кош жүрөктө өз-өзүнчө жалгыз жашаган сүйүү да адамзатка бактылуулук тартуулай аларынын далили болсо керек. Мүмкүн биздей адамдар жер бетинде миллиондоп саналар.
Көп ойлонуп жүрүп, бир туугандай жакын болгон иниме мына ошентип бул окуяны толук айтып берип, мен да аманатты анын колуна тапшырдым: “Сиз менин бир тууганыма айталбаган сырымды айткан инимсиз. Сиздин телефонуңузга ошол аялдын телефон номерин “смс” менен салдым. Ага да сиздин телефон номериңизди, аты-жөнүңүздү толук жөнөтүп койдум. Эгер менин көзүм өтүп кетсе, анда сиз ошол кабарды ал адамга айтып коёсуз.”
Иним угуп отуруп, көз жашын тыя албай:
– Аманатыңызды өмүр жетсе толук аткарам. Аны Кудай алдында мойнума алдым. Эми сиздер бири-бириңиздер үчүн узак жашайсыздар. Мурда бүдөмүк болсо, азыр телефон аркылуу болсо да ачык сүйлөшүп ал-акыбалды билип турууга мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Сиздерди Кудайдын улуу сүйүүсү өзү коргоп алат. Мен жүрөктү адамдын тулку боюндагы Кудайдын элчиси деп түшүнөм. Ошондуктан жүрөктү тыңшап жашаган адам эч качан жаңылышпайт. Мындан ары аралыктан болсо да чогуу, бактылуу жашайсыздар. Буга чейин кимден кандай гана аманат алган болсом да, бирок бул аманат мен үчүн өтө жоопкерчиликтүү, күтүүсүз аманат болду. Мына ошол таза сүйүүнүн капшабы менен ушул күнгө жеткирген Кудай сиздерге дагы да узак өмур берет. Мен бул окуяны көркөм чыгарма катары кагазга түшүрүп, коомчулуктун назарына алып чыгам – деп иним коштошуп жолго чыкты. Мен үстүмөн бир оор жүктү алып салгандай жеңилдеп, иними узатып, кеткен жолун карап турдум…
Эпило́г ордуна:
Аманатты аткаруу милдетин бекем сактап, агама терең урматым менен,
Бахпурбек Аленов


