"Эркин-Тоо"

Аманаттарды коргоо – калктын банкка болгон ишенимин арттырат

Аманаттарды коргоо карапайым эл үчүн жат түшүнүк. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери экономикада рыноктун механизмдери киргизиле баштаганы менен ал жалпы колдоого ээ боло элек. Андан калса, Союз таркагандан кийин бир нече банктар банкрот болуп, калктын банктарга болгон ишеними боротоло жоголгонун эске алсак, аманатты коргоо жаатында сөз кылууну көпчүлүгү жактырбайт.

Арийне,  коммерциялык банктардын финансылык абалын турукташтыруу жана алардын улуттук экономиканын реалдуу сектору менен байланышын чыңдоо үчүн банк секторунда аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн комплекстүү укуктук жана финансылык системаларды түзүү зарыл экенин тарых ырастап келатат. Андан калса, көптөгөн өлкөлөрдүн иш тажрыйбасы көрсөткөндөй, депозиттерди (аманатты) коргоо системалары, өзгөчө экономикалык оор кырдаалдарда финансылык абалды чыңдоонун маанилүү куралы болуп келген. Ошону менен бирге аманатчылардын жана кредиторлордун кредиттик мекемелерге жана банктарга болгон ишенимин калыбына келтирүүгө шарт түзгөн.

Айрым бир тарыхый мезгилдерге сарасеп сала турган болсок, 1929-1933-жылдардагы Улуу депрессия учурунда АКШда 9 миңге жакын банк иштебей калган. Келечекте банктык катачылыктардан жана аманатчылардын ишенимине ээ болуу үчүн  1933-жылдары Федералдык депозиттерди камсыздандыруу корпорациясын (FDIC) түзгөн. Ал банктык аманаттарды федералдык камсыздандырууну камсыз кылган жана Федералдык резервдик системанын (ФРС) бардык мүчө-банктары андагы аманатчылардын каражаттарын камсыздандырууга милдеттүү болгон. Ал эми ФРСга мүчө болбогон банктар муну өз ыктыяры менен жасаган. Депозиттерди камсыздандыруу боюнча федералдык корпорация түзүлгөндөн кийин, Америка Кошмо Штаттарында банктардын жылдык саны орто эсеп менен жылына 2 миңден 15 банкротко чейин кыскарган.

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүндө депозиттерди коргоо системасы калкка кызмат көрсөтөт экен. Бул система жыл өткөн сайын өркүндөп, заманбап тейлөөнү камсыз кылууга ооп жатыптыр. Жогоруда сөз болгондой, калктын аманаттарын коргоону камсыз кылуучу системаларды түзүү мамлекеттердин финансылык коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуунун натыйжалуу системасынын зарыл элементи катары дүйнөдө барган сайын көбүрөөк таанылып жатканын көрсөтүп турат.

Биз каалайбызбы, каалабайбызбы өлкөбүз рынок экономикасынын мыйзамдарын ишке ашырып жаткан шартта депозиттерди камсыздандыруунун улуттук системаларын түзүү зарылчылыгы келип чыкканын танууга болбойт. Ошол эле учурда Кыргызстанда банк системасына калктын ишенимин арттыруу оңой иш эмес эле. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июлундагы № 387 токтому менен Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин түзүлүп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, атайын Жобо бекитилип, өз ишин баштаган мамлекеттик мекеме учурда банк системасындагы тобокелчиликтерди жоюу багытында ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча өз ордун тапты десек болот. Депозиттерди коргоо агенттиги жылдын-жылга калктын банкка болгон ишенмин арттырууга зор салымын кошуп келе жатат. Ошону менен бирге мекеме депозиттерди коргоо системасын эволюциялык жол менен өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө.

2009-жылдары депозиттерди коргоо фонду түзүлүп, аманаттарга төлөнүүчү  компенсациянын көлөмүн 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин жогорулатуу менен башталган. 2010-2014-жылдары  депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясына (IASD) биригүү менен эл аралык алкакта ишти колго алган. 2015-жылдары иштин натыйжалуулугун арттырып, компенсация төлөп берүү мезгилинин башталышын 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартууга жетишсе, 2016-жылы  компенсациянын өлчөмүн 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин жогорулатуу чечимин кабыл алышкан. 2019-жылдан  микрофинансылык компанияларды жана турак жай-сактык кредиттик компанияларды аманатчылардын коргоосуна киргизүү ишке ашырыла баштаса, 2023-жылдан бери аманатчыларга төлөнүүчү компенсациянын көлөмүн 200 миң сомдон 1 млн сомго чейин көбөйтүү белгиленди.

Азыр депозиттерди исламдык камсыздандыруу акыркы мезгилде мусулмандарда гана эмес, бүткүл Батыш дүйнөсүндө тез өнүгүп жаткан исламдык каржылоонун өнүгүшүнө байланыштуу актуалдуу болуп калды. Бүгүнкү күндө исламдык финансылык каржылоо атаандаштыкка жөндөмдүү глобалдык ортомчулук механизмге айланды. Айрым маалыматтар боюнча  75тен ашуун өлкөдө 300дөн ашык ислам каржы институттары иштеп жана анын активдери 2026-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 3,6 триллион АКШ долларына чейин өсөт деп болжолдонууда. Учурда Бахрейн 1993-жылы Исламдык депозиттерди коргоо системасын (IDIS¹) киргизген жана бүгүнкү күнгө чейин мындай системаны ишке ашырган жалгыз өлкө бойдон калууда. Мына ушул өңүттө алып караганда Кыргызстанда аманаттарды коргоо жаатында ислам принциптери колго алынабы? деген суроо жаралбай койбойт. Бүгүнкү күндө депозиттерди коргоо агенттиги исламдык каржылоо принциптерине ылайык кабыл алынган депозиттик базаны, исламдык каржылоо принциптерине ылайык кабыл алынган депозиттик базасы бар өлкөдөгү  коммерциялык банктар, алардын жалпы депозиттик базадагы үлүшү тууралуу толук маалыматтарды терең иликтеп, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында Ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча максаттуу иштер жүрүп жатканы кубандырбай койбойт.

Бир сөз менен айтканда, өлкөдө калктын аманаттарын коргоону камсыз кылуучу улуттук система түзүлдү десек болот. Аманатчылардын тобокелчилигин коргоодо толук канааттандырарлык шартты түзө албаса да, агенттик заманбап ой жүгүртө билген башкаруу системасы менен биргеликте өзүнүн алдына койгон максаттарды  этап-этабы менен натыйжалуу чечип келе жатканы ийгиликтин өбөлгөсү.

 

Шекербек КАЛЫКОВ

№91 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 17-ноябры

 

Иллюстрациялык сүрөт: интернет булактарынан алынды
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!