Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында (U-16) алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Спортчу 52 кг чейинки салмакта 1/8 финалдык беттеште кытайдын мушкерин жеңип, 1/4 финалдык беттеште түркмөнстандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште япониянын мушкерин жеңген.
Алтын медаль үчүн беттеште казакстандык мушкерди утуп, биринчиликти багындырды.

