NBC News билдиргендей, Американын Калифорния штатында фейерверк сакталган кампада чоң жарылуу болуп, өрт чыкты.
Күбөлөр жарылуудан кийин асманды калың түтүн каптап, от чачыраганын билдиришкен. Өрт тез арада жайылып, айланадагы жерлерди каптаган.
Учурда коопсуздук чаралары көрүлүп, жарылуу болгон жерге жакын барууга чектөө коюлду.
Жарылуунун себеби ачык айтылган жок.