"Эркин-Тоо"

АМЕРИКАЛЫК МУСУЛМАНДАР “БИЙЛИГИ”

АКШнын Мичиган штатындагы 28 миң калкы бар Хамтрамк шаардык кеңешине мусулмандар шайланып, мэрликке дагы мусулман киши келди. Мусулмандар аймактын дээрлик жарымынан көбүн түзүшкөндүктөн, бул АКШдагы америкалык мусулмандардан түзүлгөн эң биринчи бийлик бутагы болуп калды. Хамтрамк шаары – Эки чарчы милдеги дүйнө деп аталып, өз ураанына шайкеш жашайт. Калкынын санынын аздыгына карабастан көп улуттан түзүлүп, 30дай тилде сүйлөшөт.