Кыргызстанда инфузиялык эритмелер жана ампуладагы инъекцияларды чыгарган биринчи завод ачылды. Завод Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен эшик ачты.
Маалыматка ылайык, ишкана жылына 18 миллион флакон жана 5,7 миллион ампула өндүрө алат. Муну менен Кыргызстандын инфузиялык эритмелерге жана ампуладагы инъекцияларга болгон муктаждыгы жоюлмакчы. РКӨФ төрагасы Артем Новиков заводдун ачылышы өлкөнүн фармацевтика тармагын өнүктүрүүдө олуттуу кадам болуп санала тургандыгын айтты.