"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ананьево чакан ГЭСи ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган Ананьево чакан гидроэлектр станциясы иштей баштады.

Аталган станциянын кубаттуулугу 5,5 мегаватты түзөт. Ал жылына болжол менен 27 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрө алат. Долбоордун курулушуна жалпы 5 миллион доллар сарпталды. Анын 3,3 миллион долларын РКӨФ каржылаган.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, бул долбоор аймактардын энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган жана мамлекет менен каржы институттарынын натыйжалуу өнөктөштүгүнүн үлгүсү болуп саналат.