Бүгүн, 5-июнда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын эл акыны, мамлекеттик сыйлыктардын ээси Анатай Өмүркановдун 80 жылдык мааракеси белгиленди.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана башка коомдук ишмерлер, акындын жакындары, калемдештери катышты.
Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосу окулуп, акынга ТҮРКСОЙдун алтын медалы жана Бишкек шаардык кеңешинин “Патриот” төш белгиси тапшырылды.
Мааракелик иш-чарада Анатай Өмүркановдун ырлары артисттердин көркөм окуусунда жаңырып, обондуу чыгармаларын филармониянын солисттери жана эл аспаптар оркестри аткарышты.
Белгилей кетсек, акындын 80 жылдык мааракеси 2-июнда Талас облусунда да белгиленген.