"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Англия 16 жашка чейинкилерге энергетик сатууга тыюу салууга камынууда

Англия өкмөтү курамында 1 литрге 150 миллиграммдан жогору кофейин бар энергетикалык суусундуктарды 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө сатууга тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу Известия агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сунушталган чектөө дүкөндөргө, коомдук тамактануу жайларына жана онлайн соодага тиешелүү болуп, бардык сатуу каналдарын камтыйт.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, күн сайын болжол менен 100 миң өспүрүм жок дегенде бир бөтөлкө энергетикалык суусундук керектейт. Адистер мындай ичимдиктер балдардын уйкусун, окуудагы жетишкендиктерин жана нерв системасын начарлатарын белгилешет.

Билим берүү министри Бриджит Филлипсон бул чараны “тарыхтагы эң дени сак муунду тарбиялоого дагы бир кадам” катары баалады.

Саламаттык сактоо министри Уэс Стритинг да энергетикалык суусундуктардын зыяндуулугун белгилеп, алар балдардын психикалык абалына жана ден соолугуна терс таасир тийгизерин айтты. Айрыкча канттын деңгээли жогору болгон түрлөрү семирүүгө алып келерин кошумчалады.

Өкмөт бул демилге коомчулук — өзгөчө ата-энелер жана мугалимдер тарабынан колдоо тапса, 40 миң баладагы семирүүнүн алдын алууга жана саламаттыкты сактоого кеткен миллиондогон фунт стерлингди үнөмдөөгө мүмкүн болорун белгиледи.