"Эркин-Тоо"
Миграция Эркин Тоо гезити

Англияга ашыккандар арбын

Алты  айлык мезгилдик жумуштарда иштөөгө  2022-жылы кыргыз-британ кызматташуу келишимине кол коюлган.  Аталган программа менен өткөн жылы  Улуу Британияга 5 миңден ашуун кыргызстандык  жумушка орношкон. Быйыл  февралдын башында каттоо жүрүп 7 саат аралыгында  26 170 адам арыз тапшырып, анын ичинен 14 735 адам тандоонун биринчи баскычынан өттү. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлү Асыл Мамбетсалиева: “6 ай иштеп, көбүрөөк акча табууну каалаган жарандарыбыз арбын. Бир барып  иштеп келген жаран, туугандарына айтат, же үй-бүлөсү менен чогуу барышкан учурлар бар. Онлайн каттоодон өткөндөрдүн саны көбөйүүдө. Аны менен катар эле  Англияда иштөөдө кээде ар түрдүү маселелер  жаралып калат.  Мындай учурда эки тарап тең жарандардын укугун коргоого кызыкдар”, — дейт.

Акыркы жылдары Англияга барып иштеп келүүнү каалагандардын саны көп.  Аны менен катар түйшүгү да бар экенин жашырууга болбойт. Маселен, ал жактын аба-ырайын ден соолугуна байланыштуу көтөрө албагандар бар. Айрымдар акчасын толук ала албай, кыйналган учурлар кездешет.  Ошол эле учурда ийгиликтүү иштеп келген жарандар жок эмес.

Бардык жумушта кыйынчылык бар

Мекендешибиз Нурсултан Отунбек уулу да Англияга барып иштеп келген. Ал жумуш чынында эле оор экенин жашырбайт.  “Англия десе эле жеңил жумуш бар деп ойлобоңуздар. Бардык жумушта кыйынчылык бар. Күндүн ысык-суугуна карабай, айдоо аянтына барууга туура келет. Баргандан кийин чыдап иштеш керек. Жалкоолор көзгө дароо көрүнөт. Иш берүүчүгө жакпасаң айлыктан кемитет, самолеттун билетин алып салып да жиберген учурлар бар.  Андыктан өз ишин туура жасап туура жүрсө иш болот. Айыл чарба жумуштары боюнча ар кандай пикирлер бар. Бардык нерсе иш берүүчү тараптан көз каранды. Жакшы жерге туш келсең, жакшы иштейсиң.”, — дейт мекендешибиз.

“Бизди чакырган ишкана эмгек келишимин бузду”

Ал эми Айнагүл Каныбек кызы жолдошу менен өз алдынча анкета толтуруп, жеке агенттик аркылуу барышкан. “4 ай иштедик. Бизди чакырган ишкана эмгек келишимин бузду.  Анткени  бир адамга 1 айлык акы 95 миң сом деп белгиленген. Ал жерге барганда 65 миң сом деп айтышты. Менин жумушум айдоо аянтында болду. Чынында кыйналдым. Жумуш оор. Күндүн суугуна, жамгырга карабай иштейсиң. Ден соолугум да начарлап, ага улай, 3 балабызды  Бишкекте тайэнеси карап калган. Кичүү уулум да ооруп ооруканага түштү.  Бул себептерден улам мен Бишкекке кайттым. Жолдошум оор жүк ташуучу унаа айдап калды. Бирок, жолдошумдун жумушу жакшы, сааты менен иштейт. 2 айдан кийин убактысы аяктап, өз жерибизге келет. Өз жеримде эле дүң баада козу карын сатып кирешеге чыгып баштадым. Балдарым жанымда, ишим бир нукка салынып калды. Айтаарым,  чет өлкө десе эле жеңил карабай, ойлонуп барыңыздар. Эмгек келишимин түзөөрдөн мурда юристтерден кеңеш алуу ашыкча болбойт”, -дейт.

Дагы бир үй бүлө мүчөлөрү Медер, Назгүл да кулпунай таңгактап Англияда иштеп келген. Бул үй – бүлө чогулган акчасына Бишкектен жер тилке алууга үлгүрүшкөн. Бул жылы Сокулуктан айдоо аянтын ижарага алышкан. “Жерибизге кулпунайдын эрте бышуучу көчөтүн отургузабыз. Киреше алып келет деген ойдобуз. Быйыл жер менен иштейбиз”, — дешет.

Мекенден баар тапкандар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушу тапта  651 миң кыргызстандык дүйнөнүн 33 өлкөсүндө иштеп, окуп жатканын маалымдады. Адистер четке чыгаарда ал өлкө тууралуу, эмгек келишими, бардык шарттары менен  таанышууну эскертишет. Иштин көзүн, багыт жолун тапсаң өз мекениңде эмгектенүүдөн ашык нерсе жок чыгаар. Акыркы жылдары өлкөдө жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган аракеттер менен катар эле  айлык-акы, пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлүүдө. Улуттук статистикалык комитет айлык акы былтыркыга салыштырмалуу 25,7% өсүп, орточо маяна 32 миң 78 сомду түзгөнүн билдирет. Өлкө ичинде иштин көзүн таап, бул айлыктан 2-3 эсе көп киреше тапкан жаратман жарандарыбыз  да бар.

 

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

№17 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 1-марты