"Эркин-Тоо"

Антибиотиктер залалдуу шишиктен да коркунучтуу!

Антибиотиктерди ченемсиз колдонгон адамдын организминдеги бактериялар ага көнүп, туруштук бере баштайт. Анын кесепетинен бактериялар чакырган оорулар менен күрөшүү мүмкүн болбой, акыры өлүмгө алып келет. Изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар бул тууралуу маалыматты “Лансет” илимий журналына жарыялашты.

Окумуштуулар дүйнө боюнча жүздөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, бардыгы бирдей бүтүмгө келишкен. Ага ылайык, 2019-жылы 1,2 миллион адам антибиотиктерге бекем туруштук берген микроорганизмдердин кесепетинен каза болушканы аныкталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун антибиотиктерди өндүрүү боюнча Глобалдык өнөктөштүгүнүн төрагасы Раманан Лаксминараяндын айтуусу боюнча, дарыларды колдонууну (өзгөчө антибиотиктерди) тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл.

“Учурда мал багууда дагы антибиотиктер өтө көп колдонула баштады. Тоюттардын курамына кошулган антибиотиктер айланып келип кайрадан эле адамзаттын ден соолугуна коркунуч жаратат. Антибиотиктер менен багылган малдын этин жеген адамдардын организми “ууланып” жатканын эсибизден чыгарбайлы. Дүйнөдө азыр антибиотиктердин көптөгөн түрлөрү иштелип чыкты. Биз бул дармектердин адам өмүрлөрүнө тийгизген терс жактарын дагы ойлонушубуз керек”, — деди ал.

Эксперттердин баамында антибиотиктерди колдонуу азыртадан баштап тыкыр көзөмөлгө алынбаса, 2050-жылдары бул дармектерге туруштук берген инфекциялардан жылына 10 миллион адам көз жумат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!