"Эркин-Тоо"

Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

2023-жылдын 21-ноябрынан 26-ноябрына чейин Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынанан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өтүп, жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.