Ысык-Көл, Нарынга кетип бараткандагы бул жер даамдуу каттамасы, самоордун чайы менен белгилүү. Анда иштегендер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты. Буга чейин Транспорт министрлиги кафелер темир жолго жакын жайгашканын, коопсуздук эрежелери сакталбай жатканын билдирген. Чогулгандар кафелерди көчүрүүгө макул экенин айтып, бирок убакыт берүүнү суранышкан.
“Мартка чейин берилген мөөнөт өтө аз болуп жатат. Анын үстүнө айыл өкмөт жер да бере элек. Күн суук. Ал жакка көчүш үчүн убакыт керек. Азыр бизди алып салса, кредит, ипотекалар бар, аларды кантип төлөйбүз? Ал жакка көчкөндөн кийин суу, электр жарыгын тартыш керек“, — деген чогулгандардын бири.